Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЧүй району 17.01.2019 11:32

Аялдамага таштап кетишкен 1,5 жаштагы бала энесине кайтарылды

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл аймагында баштыкка салынган кийимдери менен таштап кетишкен 1,5 жаштагы бала энесине кайтарылып берилди. Аймактык кабарчы баланын абалын билүү үчүн Чүй райондук мамадминистрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Эльза Исмаиловага кайрылды.

«Бала убактылуу балдар үйүнө алынган. Мөөнөтү бүтүп, кечээ, 16-январда Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн, апасын чакырттык. Андан соң баарыбыз баланы апасынын үйүнө жеткирип бардык.

Апасы Ысык-Ата районунда жашагандыктан, мындан аркы иштерди Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы алып барат. Бала апасына өткөнү менен дайыма көзөмөлдө болот. Ошондой эле, бул келиндин 3 баласынын тең документтери жок экен. Аларга документ алып берүүгө жардам бердик», - деди ал.

Буга чейин 1,5 жаштагы баланын энеси уулун кайра өзүнө кайтарууну суранган болчу.

Баланын апасынын жашоо шарты менен Ысык-Ата райондук социалдык кызматкерлер таанышып келишкен.

«Биздин социалдык кызматкерлер баланын апасы жашаган үйдүн шарты менен таанышып келишти. Ал Ысык-Ата районунун Хунчи айылында жашайт экен. Өзүнүн 2 кыз, 1 уулу бар. Бир кызы Кара-Балтадагы сиӊдисинин үйүндө жашайт экен. Ата-энеси бар. Үй-бүлө анча деле жаман эмес, орто жашайт. Апасы "бала мага керек, мен минтип көчөгө таштабайм, мен иштейин деп убактылуу кайын журтума таштагам. Эми балдар үйүнөн кайра мага өткөрүп бергиле" деп суранууда», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×