Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусу, Токмок 17.01.2019 07:59 Жаңыланды: 17.01.2019 12:34

«Чучугу алынган сөөктүн ичине 2 метр чүпүрөк батчу»: 7 жыл ооруп жаткан Максат чемпион болду

Turmush -  Максат Аргымбаев 1989-жылы Токмок шаарында төрөлгөн. Ал жол кырсыгынан кийин бутунан 5 жолу операция болуп, кийин ооруну спорт менен жеңген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жүк ташуучу унаа менен жол кырсыгына кабылдым

- Токмок шаарындагы №15 орто мектептин босогосун аттап, үй-бүлөлүк шарттар менен 6-класстан баштап Иса Укуев атындагы орто мектепте окуп, 11-классты ушул жерден аяктагам. Так ошол 11-классты аяктап жатканда, май айында жол кырсыгына кабылып калдым. Анда чоӊ унаа менен кырсыктап, сол бутум сынган. Ооруканага көрүнүп, бутумдун ооруганы анча билинбей жүргөн. Бирок басканым оор боло берчү.

Бутумдан эхинококкоздун ургаачысы чыкты

- 2007-жылы Токмок техникалык институтунун экономикалык башкаруу жана ишкана факультетинде окуп баштадым. Бирок 2009-жылы баягы жаракатым күчөп, 3-курсумда бутум чыдатпай ооруй баштады. Көрсө ооруканадан туура эмес диагноз коюшуп, дарылай берип бутума суу толуп, ириӊдеп кеткен экен. Дарылануу үчүн окуудан чыгууга туура келген. 2009-жылы Токмок шаардык ооруканага жатып, бутума операция жасаттым. Бирок натыйжа чыкпагандыктан Бишкек шаардык №4 ооруканага которулууга туура келип калды. Ал жактан дагы туура диагноз кое алышкан жок. Кургак учук болушу мүмкүн деп, мага онкологияга барып, анализ тапшыр деген кеӊеш беришти. Эми ал жактан таза эле чыкса экен дедим. Кудай сактап анализдерим таза чыкты. Кургак учук бөлүмүнө жаткырышты. Ошол маалда бутумдун ооруганы баягыдан да аябай күчөп калган болчу. Бир ай өтпөй аябай арыктап кеттим. Жаным кыйналганынан операция кылууга өзүм сурана баштадым. Бирок так, даана анализ чыкмайынча операция дагы кылышпайт экен. Жөн гана мурунку операция болгон жеримди тазалап, кайра жаап коюу менен эле чектелип жатышты. Эми эмне болот деп аябай ойлондум. Бир күнү эле медайымдар бутумду тазалап жатып, ошол операция болгон жерди чукуп салышты. Ошондо билинди, көрсө бутумда эхинококкоз бар экен. Болгондо да ургаачысы экен. Ал аябай тез ылдамдык менен муундарды жейт деп айтышты. Бутумда эки шишик пайда болуп калыптыр. Анын бир шишиги эле жарылса, андан 800 эхинококкоздун баласы жаралып, алар дагы дароо муундарды жеп баштоого өтмөк экен.

Аз жерден бутумду кесип сала жаздашкан

- Ошентип так анализ чыкпагандыктан эмнегедир менин операциям кечеӊдеп кетти. А, мен чыдабай калдым. Бутум катуу ооруй баштады. Ыйлаганга чейин бардым. Бир ай эки жума өткөндөн кийин операция болдум. Анын алдында ата-энеме дарыгерлер «балаӊыздын буту жарабайт, кыймылдабай калат. Кестирип салууга уруксат бергиле» деп айтышыптыр. Ансыз да менин оорум менен кошо кайгырып турган ата-энем муну угуп ого бетер капаланышып, эмне кыларын билбей, туугандар менен кеӊешүүнү туура көрүшөт. Менин бутумдун тагдырын ортого салып, туугандардын ичинен бир байкем макулдугун бербей коюптур. Кандай кылсаңар да бутун аман сактап калгыла дептир. Ата-энем да бутумду кесүүгө макулдугун бербей, операция кылдырышкан.

Чучугу алынган сөөгүмдүн ичине 2 метр марли батчу

- Операциядан кийин бир күн өткөн соң дарыгерлерден бутумдун абалын сурасам, жакшы болду деп коюшкан. Бирок мен бутумду тазалатып жатканда он сантиметр сөөгүмдү, ички чучукту алып салышкандыгын билдим. Ичине 2 метр марли батчу. Азапты даана көрүп жаттым. 7 күн бою жаным көзүмө көрүнгөнүнө карабай тазалатып жаттым. Тазалатууга бара жатканда башка бейтаптар мени көрүп, эшиктерин жаап алышчу. Себеби, менин бакырып, кыйкырып жатканымды көрүп, эч ким жанымда чыдап тура алчу эмес. Күнүгө ыйладым. Оозума суу майлыкты тиштеп алып жасатчумун. Тазалап бүткөндөн кийин керебет кадимкидей кыймылдап калчу.

Бутума жалпы 5 операция жасалды

- 7 күн өткөндөн кийин буттарым шишип, денемдин табы көтөрүлө баштады. Дарыгер ооруган жерге эле наркоз берип, тазалаш керек деп айтып калды. Ооруган жерге эле наркоз сайды дагы калган жагын тазалап, кайра операция жасашты. Мен чыдабай, эмне кыларымды билбей, кыйкырып жаттым. Чынын айтсам, андай ооруну башка салбасын. Ойлоно берип, өзүмдү да жогото баштадым. Бул ооруканада 1 жыл 2 ай жаттым. Тээ башынан бери эсептегенде 5 операция болду.

Жерге тургузуп койсо, жыгылып кетчүдөй болуп баса алчу эмесмин

- Баса албай, үйгө чыгып келдим. Азыркыга чейин бутумдан суу агат. Ошондо жерге тургузуп койсо, жыгылып кетчүдөй болуп баса алчу эмесмин. Үйдө бир топ ай жаттым. Дагы деле жакшы боло албай, басып кете албай, ата-энеме күч болуп жаттым. Бир күнү мындай ой келди. Өзүмдү колго алайын, басууга аракет кылайын дедим. Жаӊы жылдын алды болчу. Өзүмө-өзүм ушул белекти тартуулайын дедим. Тиштенип алып, бутумдун ооруганына карабай кадам шилтеп, басканга аракет кыла баштадым. Адамга ден соолуктан өткөн белек жок экен. Аны биз качан катуу ооруганда сезет экенбиз. Мен тырышып жатып кичине басып калдым. Кайра окууну улантыш керек дедим. 2013-жылы Токмоктогу техникумга барып, окуумду улантууну сүйлөшүп, кайра калыбына келтирдим.

Спортко тайпалашым аркылуу келдим

- Ошентип 2014-жылы Паша аттуу тайпалашым аркылуу спортко барып калдым. Бирок мен ушундай ден соолугум менен спортто машыга аламбы же жокпу деп да ойлодум. Паша мени машыктырып, үйрөтө баштады. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасап жаттым. 2015-жылы февраль айларында Токмокко иштери менен келген спортчу Азиз Куйкев деген агай мени көрүп калып, «бул баланы оор атлетикага даярдасаӊар болот, аракет кылып көрбөйсүӊөрбү» деп айтып кетиптир. Көп өтпөй эле спорттун ушул түрү менен тажрыйбалуу машыга баштадым.

Спортто жетишкен ийгиликтерим

- 2015-жылы пауэрлифтинг боюнча КРдин чемпиону, Азия чемпионатынын призеру болууга чейин жетишип, спорттун чеберине талапкер деген наамга татыктуу болдум. 2016-жылы дүйнө кубогунун призеру, КРдин эки жолку чемпиону болдум. 2017-жылы дүйнө кубогунун призеру болуп, эл аралык класстагы спорттун чебери деген наам алдым. Келечекке максаттарым көп. 2020-жылы Токиодо өтө турчу олимпиадага жолдомо алуу үчүн болгон аракетимди жумшап, машыгууну улантып жатам. Спортту татыктуу алып кетким келет.

Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×