Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуМосква району 16.01.2019 13:50 Жаңыланды: 16.01.2019 18:23

26 жаштагы Ж.Кылычева Германиядагы ак сөөктөрдүн балдарын багып, сүйүктүүсүнө турмушка чыкты (сүрөт)

Turmush -  26 жаштагы Жылдыз Кылычева Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну. Анын балалык чагы кадимки элеттик кыздардай эле кичи мекенинде өттү. Арык бойлорунан түркүн кооз гүлдөрдү терип, чачынын учуна кошуп өрүп, өз алдынча сулуулар дүйнөсүнө агылып дегендей...

Атасы ыраматылык Талантбек сүрөттү жакшы тартчу. Ошондон уламбы тун кызы Жылдыз да карандаш менен заматта сүрөт тартып, айрымдарды таң калтырат. «Бүлдүркөн», «Кызыл өрүк» деген ырларды ырдап, ата-энесин кубанычка бөлөгөн күндөрүнө суктанат. Чет өлкөлөргө барып, дүйнө таанымын арттырууга койгон максаттарынын орундалганына миң мертебе шүгүр дейт. Ал башка мамлекеттерден алган таасирлеринин күңгөй-тескейин аймактык кабарчыга айтып берди.

«Айылдан орто мектепти аяктап, М.Рыскулбеков атындагы КЭУдан экономист адистигин алдым. Чет тилдерин үйрөнүү максатында англис тилин курстардан окуп жатканда, немис тилин өздөштүрүү зарылчылыгы туулуп, ошол тилди да окудум. Анан турмуш тузу буюруп, Австрия мамлекетинин Зальцбург, Германиянын Бад-Зекинген шаарларында 2 жылдан ашуун иштедим. Ал жерде ак сөөктөрдүн балдарын карадым. Аларда бардар жашагандар ак сөөк аталышат.

Балдарды тарбиялоо методикасы таптакыр бөтөнчө. Жаш балдарына сыналгы көрсөтүүгө, телефон ойнотууга тыюу салынган. Айрым учурларда гана мультфильмдерди көрсөтөт. Алар ишмердүүлүккө, өз алдынча ой жүгүртүүгө, аң-сезимдүү кабылдоого, логикага өзгөчө басым жасашат. Ошого негизделген оюнчуктарды, конструкцияларды ойноого, машыгууларын арттырууга көңүл бөлүшөт. Балдарын эч убакта урушпайт экен. "Сеники туура” деп турушат. Аларга үнүн бийиктетип сүйлөшпөйт. Өз эркине коюшат. Көпкө таң калып жүрдүм. Аялдары эч жерде иштешпейт. Бирок үй жумушуна кызматкерлерди кармашат. Өтө жөнөкөй жашашат. Мактанганды, бой көтөрүүчүлүктү четке кагышат. Өздөрү үчүн гана жашаганды сүйүшөт. Саякаттаганды, жаратылышта эс алганды жактырышат.

Биз барганда кытайча салам айтышты. Кыргызстандан экенибизди айтсак кээде түшүнүп, кээде түшүнбөй жүрүштү. Анткени, Кыргызстан жөнүндө жакшы биле беришпейт. Казакстанды билишет экен. Ч.Айтматовду билишет. Анын “Жамийла” повестин мага көрсөтүп, бармагын жогору көтөрүп койду. Бул сонун дегени. Көк бөрү улуттук оюнун айтып берсек берилип угат. Таң калат. Жылкынын этин жеген кыргыздарга башкача көз карашта карашат. “Кантип жейсиңер” деп күлүшөт», - деди ал.

Ж.Кылычева атасы дүйнөдөн кайтканына кабыргасы кайышып, төрт кызынын төрүндө отуруп, сый-урматын көрбөгөнүнө кейийт. Апасы Наргүлгө барган сайын жаш баладай эркелеп, мойнунан кучактап, бетинен сүйөт.

«Эс алуу үчүн көптөгөн жерлерди кыдырдым. Чехиядагы Прага, Венгриядагы Будапешт, Австриядагы Вена, Франциядагы Париж, Швейцариядагы Цюрих, Германиядагы Франкфурт, Гамбург, Фрайбург, Мюнхен жана Берлин шаарларына саякаттадым. Эл көрдүм, жер тааныдым. Дүйнө таанымым артты. Окуп жүргөндө мугалимдин: “банкадан чыксаң, анан көзүң ачылат. Жашоонун маңызын түшүнөсүң” деген сөзүнүн төркүнүнө эми түшүндүм. "Мен ал жактан эмне таптым?" деп ойлоп коём. Башкысы турмуштук тажрыйба топтодум. Өткөн, 2018-жылы сүйгөн жигитиме турмушка чыктым. Бактылуу үй-бүлөнүн желегин желбиретип жашап келебиз. Кайда жүрсөм да өз элим, жерим артык экен. Жердеш акыныбыз Т.Арыков жазгандай:

“Басканча бөтөн жердин көк шиберин,

Басайын өз жеримдин тикенегин” дегендей туулган жерге болгон сагынуу каның менен кошо айланат тура», - деп кошумчалады.

Учурда Жылдыз жолдошу менен Чүйдүн Москва районунда жашап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×