Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Токмок 16.01.2019 09:58 На русском

Токмокто комага түшкөн 12 жаштагы кыздын баш сөөгүнө оор операция жасалды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаардык аймактык ооруканасында 12 жаштагы Айназик Рахманованын баш сөөгүнө оор операция жасалып, дарыгерлер кыздын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган оорукананын директору Бактыгүл Исаева билдирди.

Анын айтымында, Айназикти ооруканага жаӊы алып келишкенде абалы өтө оор болуп, комага түшүп калган.

«2006-жылы төрөлгөн Кемин районунун тургуну Айназик Рахманова 2018-жылдын 23-ноябрында Токмок шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Ата-энесинин айтымында, 21-ноябрь күнү кыздын башы катуу ооруп, мурдунан кан кеткен. Эртеси күнү алсыз болуп, кускусу келип, андан кийин эс-учун жоготкон.

Компьютердик томографияга тартканыбызда баштагы кан айлануу системасынын курч мүнөздө бузулганы аныкталды», - деди ал.

Директордун айтымында, кызга 24-ноябрь күнү оор операция ийгиликтүү жасалып, ал акырындык менен кыймыл-аракетке келе баштаган.

«Ошентип 24-ноябрь күнү операция ийгиликтүү жасалды. Баш сөөктүн алдыңкы бөлүгүнүн оң тарбындагы уюп калган кан тазаланды. Кыз акырындан өз калыбына келип, сол буту кыймылга жарай баштаган болчу. Андан кийин сол колунун булчуңдары өз күчүнө келгени, буттары жандана баштаганы билинди. Анын когнитивдик функциялары жакшы болуп, палатада ходунок менен жүрдү. Ошентип оорукандан 11-декабрь күнү дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, үйүнө чыгарылды», - деди Б.Исаева.

Учурда Айназиктин абалы жакшы болуп, апасына үй жумуштарына жардам бергенге жарап калды.

«2019-жылдын алгачкы айында Айназик апасы менен бирге дарыгерге келишти. Кыздын абалы жакшы болуп калыптыр. Өз алдынча басып, апасына үй оокаттарына жардам берип, бөбөктөрүн каралашып жаткан экен.

Айназиктин апасы Токмок шаардык аймактык ооруканага чын дилинен ыраазычылыгын айтты. Эӊ башкысы жандандыруу бөлүмүнүн кызматкерлерине, сыныктар бөлүмүндөгү дарыгерлерге, дарыгер-нейрохирург Улан Дыйканалиевге алкыш айтты. Демек, биздин медицина кызматкерлеринин аракети текке кеткен жок. Биз үчүн адам өмүрүн сактап калуу эӊ негизги мааниге ээ. Баарыбыз дени сак бололу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×