Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЫсык-Ата району 15.01.2019 18:11 Жаңыланды: 15.01.2019 18:56

«Мекендештер»: Эстрада ырчысы Эрлан Андашев Америкада жүк ташуучу унаа айдап иштеп жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  «Сагындырба», «Сүйүп калдым кантейин» аттуу ырларды аткарып, элдин эсинде калган эстрада ырчысы Эрлан Андашев акыркы 6 жылдан бери АКШнын Огайо штатында жашап, эмгектенип келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы кабарлашты.

Эрлан Андашев Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында 1987-жылы туулган. Бишкек шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында 11 жыл окуган. Ата-энеси анын музыкага жакын экенин байкап, музыкалык окуу жайга беришкен. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу, өзүнөн кийин 3 иниси бар.

«Ата-тегим мамлекеттик кызматкерлер. Мен маданият тармагындагы жалгыз адаммын. Ал эми чоң атам жакшы ырдаган инсан болгон. Атам Шайлообек Андашев 1965-жылы туулган, ал Чернобыль окуясынын катышуучусу. Апам Эльмира Андашева 1968-жылы туулган, учурда пенсияда.

Обондорумду эми чыгарып баштадым. Буюрса жакында күбө боло аласыздар. Биринчи обонумду "Сүйүп калдым кантейин" деген ырга чыгаргам.

Мекендештеримдин чакыруусу менен 2013-жылы Америкага келгем. Учурда оор жүк тарткан унаа айдайм. Үй-бүлөм менен акыркы 5-6 жылдан бери Американын Огайо деген штатындагы Цинциннати шаарындабыз. Жумушум менен кошо чыгармачылыгымды бирге алып жүрөм», - деди Э.Андашев.

Эрлан 2008-жылы Башкортостанда өткөн «Урал моно» сынагында лауреат, ушул эле жылы Украинадагы «Чыгыш базары» сынагында лауреат болгон. Ал эми 2010-жылы «Жаңы толкун» сынагында финалга чыккан.

«Колуктум Перизат Көпөбаева да маданият тармагынын кызматкери. Комузда кол ойнотуп, ырдайт. Учурда бир кызыбыз бар. Бул жакта биринчи класста окуйт. Ырчылык өнөрдү таштай албай койдум. Ырдашың керек, обондоруңду элге тартуула дегендер көп болду.

Азырынча Кыргызстанга кайтып баруу оюмда жок (күлүп). Бул жакта чоң унаа айдагандан баштап ар бир күн кызыктуу. Жашоодо ар түрдүү кыйынчылыктар болот. Кыйынчылыктын артында жакшылыктар бар экенин билгендиктен жашоо кызыктуу да. Бардыгы жакшы, кудайга шүгүр.

АКШга келгенге чейин чет тилин деле үйрөнгөн жокпуз, бул жакка келгенде окуп жүрүп үйрөндүк. Биздин штатта 200гө чукул кыргыздар бар. Бул жер абдан тынч шаар. Чикаго шаарында кыргыз көп. Баары менен катышып турабыз. Азыр той-топурларга деле көп чыкпайм, жумуштан бошобойм. Бирок тууган-урук дегендерге, мекендештериме ырдап жүрөм», - деди ал.

Э.Андашев жакында эле «Жаным» аттуу чыгармасын Кыргызстанда төрөлгөн ырчы Ирина Шотт менен аткарып чыккан.

«Ушул ыр жаралып калып, Кыргызстандан ким менен ырдасам деп ойлонуп жүргөм. Ирина Шотт Америкадагы Сабыр деген досумдун досу. Ушул дос балам аркылуу Ирина менен таанышып, аны менен бирге аталган ырды аткарып калдым. Ирина Испанияда жашайт. Мен болсо Америкада. Ага да, мага да жакшы жагдай түзүлдү. Кыргызстандагы ырчы менен бирге ырдасам той жагы маселе болмок. Мен Америкадан бара албай, тойго катыша алмак эмесмин», - деди ал.

Эрландын бул ырын социалдык тармактын колдонуучулары туурап ырдап чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×