Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЧүй району 15.01.2019 12:30

Чүйдүн куткаруучулары кары-картаңдарга азык-түлүк жеткирип, отундарын жарып беришти (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн өздүк курамы кары адамдарга кайрымдуулук иштерин жүргүзүшүп, ар тараптуу жардамдарды көрсөтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Биздин кызматкерлер тарабынан жалгыз жашаган жана майып кары адамдарга жардамдар көрсөтүлдү. Анда Аламүдүн районунун тургуну Т.Сейиталиевге, Кемин шаарынын тургундары Т.Өмүкеевага, Эрмек Адамбаева, Алмагүл Асаналиевага, Чүй районунан А.Чернышевге, М.Акиевге, В.Кругинага, Токмок шаарынын тургуну Н.Ормушевге, Кант шаарынын тургуну С.Мамытов, О.Алексеевнага азык-түлүк белектер берилип, короолорун шыпырып тазалап, акыр-чикирлерин чыгарып жана кышкыга отун жарып, даярдап беришти», - деп билдиришти.

Ошондой эле аталган кызматкерлер тарабынан Сокулуктагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн Маловодный айылындагы реабилитациалык борбордо атайын ачык окутуулар өтүп, анда өрт коопсуздугу, ага керектелүүчү шаймандарды колдонуу эрежелери жана башкалар менен тааныштырылды.

«Ак-Суу айылындагы "Келечекке жаӊы жол" майыптар үйүнө дагы азык-түлүк жактан жардамдар көрсөтүлүп, Кара-Балта шаарынын тургунуна, оор диагноз менен ооруп жаткан бейтаптын операциясына дагы жардамдар көрсөтүлдү», - деп кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×