Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуЧүй району 15.01.2019 11:46 Жаңыланды: 16.01.2019 10:43 На русском

Асел Токтосунованын жалбырак жамынган адамдардын арасындагы «ысык жаңы жылы»

Turmush -  Бишкек шаарында төрөлгөн Асел Токтосунова учурда 5 жашар кызы менен Индонезиядагы экзотикалык аралдардын бири болгон Балиде жашап жатат. Ал экзотикалык аралдагы жашоочулар жаӊы жылды кандай тосконун айтып берди.

Папуа аралында дагы эле элдер банан жалбырагын жамынып жүрүшөт

- Бали Кыргызстандан тропикалык аба ырайы менен айырмаланат эмеспи. Ошол себептен элдер аябай жеңил кийинишет. Балиде көпчүлүгү индуизм дининде, бирок башка Ява аралынан мусулмандар келип отурукташкан. Эсиӊерде болсо, Индонезия 117 миӊ аралдардан турган мамлекет. Менин Тимор аралынан жакшы досум бар, анын кебетеси кадимки абориген (Африкадагы жергиликтүү элдердин көрүнүшү). Папуа аралында дагы эле элдер банан жалбырагын жамынып жүрүшөт.

Кызым экөөбүз эл катары жаӊы жылды океан жээгинде тостук

- Майрамдардын көпчүлүгү океан жээгинде өтөт. Ресторан, бар, кафе баары океан тарапта курулган. Балиде парк жок, эс алуу дагы океандын жээгинде өтөт. Күн саат 18:40да батат. Ушул убакытка баары шашылышат, жолдо аябай чоӊ тыгындар пайда болот. Анткени океанга чөгүп, батып бара жаткан күндү көрүү башкача бир ырахат! Ошол себептен, биз кызым экөөбүз эл катары жаӊы жылды океан жээгинде тостук.

Күн ысык, бирок Аяз ата белек таратып жүрөт

- Албетте, Бали кичинекей арал болсо да бардык дүйнө жүзүндөгү майрамдар майрамдалат. Себеби, коӊшуларым ар кайсы мамлекеттен. Болжол менен 24-25 жаңы жыл тостук. Алардын көбүн мейманканада тостук. Аяз ата, Аяз кыз бардык балдарга бассейндин жанында белектерин таратып жүрдү. Башкача көрүнөт экен. Биз кышты, карды, ак сакалын жайкалтып, белегин артына арткан Аяз атаны көрүп чоӊойбодукпу. Бул жакта кар жок, күн ысык.

Ысык чай сурасаӊ таӊ калышат

- Балиде базар эртеӊ мененки саат 10:00гө чейин иштейт. Тамактын баары күрүч менен жасалат. Куурулган күрүч, сары күрүч, сууга бышкан күрүч, айтор күрүч баарына кете берет. Кызым экөөбүз нан жегенди унуттук. Чай, кофеге муз кошулуп берилет. Чайды ысык сурасаӊ таӊ калып карашат. Картошканы көбүнчө чет элдиктер алышат, баасы кымбат. Балидеги жашоочулар көбүнчө балыктын түрлөрүн, жашылча-жемиштерди жешет. Таттуу жешпейт, ошо себептен тиштери күрүчтөй ак жана тиш доктур дегенди билишпейт.

Жаӊы жылды аз жерден суугу аркыраган Сибирде тосуп кала жаздагам…

- 2018-жылды тосуп жатканбыз. Москва—Новосибирск жана Сеул (Корея) — Себу (Филиппин) каттамы боюнча билет алдым. Жаӊы жылды виллада тоонун башында, океанды көрүп тосом деп кыялдангам. Бирок 2017-жылдын 28-декабрында Россия аба жолдорунун учагы кычыраган суукта, Сибирде жалгыз жайкы кийим менен кызым экөөбүздү калтырды. Ошентип, Кореяга деген билетим күйдү. Андан кийин Себуга деген билетим күйдү. Ойлонуп жатып, башка жол таптым. Манилага (Филиппин) билет алып, автобус, кеме, катер менен 4 аралды басып өтүп, пландагы жериме 30-декабрь күнү жетип бардым. Албетте, чоӊ акчага чыгым болгонум менен жаӊы жылды кыялымдагыдай ак виллада, тоонун башында, жакшы маанайдагы досторум менен тостук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×