Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Чүй облусуМосква району 15.01.2019 08:40 На русском

Чүйдө 25 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелген таксист кармалды

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылынын 25 жаштагы тургуну Айгүлдү (ысымы өзгөртүлдү) зордуктоо аракетине 34 жаштагы таксист Б.У. шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-январда кылмыштарды каттоо реестрине Чүй облусунун 25 жаштагы тургуну Айгүлдүн арызы катталган. Ал «Тойота Ист» үлгүсүндөгү унаа айдаган белгисиз таксист аны Москва районунун Садовое айылынан зордуктоого аракет кылгандыгын билдирген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Чүй облусунун 34 жаштагы Б.У. кармалды.

Бул факты боюнча зордуктоого аракет кылуу беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Соттук экспертизалардын жыйынтыгы боюнча андан аркы аракеттер каралат. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 25 жаштагы тургуну Айгүл (ысымы өзгөртүлдү) таксист тарабынан зордуктоо аракетине кабылганын айтып, райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган болчу. Бирок кылмышка шектелген адам камакка алынбастан эркин жүргөнүн билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×