Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуМосква району 14.01.2019 13:44 На русском

Атасы балдар үйүнөн алып кетүүгө келе жатканда жол кырсыгынан каза болгон. Б.Кемеловдун майып арабадагы тагдыры

Turmush -  26 жаштагы тубаса майып Баяман Кемелов Чүй облусунун Москва районундагы Муракеде жайгашкан Манас социалдык айылында жашайт. Анын татаал турмушу, муңга толгон майыптык жашоосу, келечектен күткөн үмүттүү күндөрү менен аймактык кабарчы таанышты.

Баямандын балалык чагы бирде Россияда бирде Кыргызстанда өттү. Ошондон улам апасы Нургүл өз фамилиясына өткөрүп, Россияга иштеген жерине алып кетсе, кээде Кызыл-Аскердеги апасына — Баямандын таенесине таштап кетчү. Тубаса майып Баяман буттары баспай калганына бир өкүнсө, ата-энесинин толук кандуу мээримине бөлөнбөгөнүнө ыза. Майыптардын арабасынын дөңгөлөгүн айлантып, жаратылыштын кооздугуна, табияттын таттуулугуна суктана жашоонун мыйзамдуулугуна, ага аргасыздан баш ийүү зарылчылыгына көз чаптыра ойлуу тиктейт. Сүйлөгөн сөзү маңыздуу, акыл-эси, ой жүгүртүүсү жайында экенине өзү да толук ишеним көрсөтөт. "Сабаттуулукту мага кудай ыраа көрбөптүр. Бирок, билбегенди интернеттен угуп жүргөнүмө миң мертебе шүгүр" деп, жашоосунун жашыл нурларын жүрөгүнө ширетет. Анын лентасы кесилип, кайрадан монтаждалган оор тагдыр түрмөгүн чагылдырган даректүү тасмадай болгон жашоосу жөнүндө тарбиячылары мындай дейт.

«Баяман акылдуу, көп нерсеге жөндөмдүү бала. Ал биздин Манас социалдык айылына 18 жашында келген. Ага чейин Беловодск айылындагы балдар үйүндө тарбияланган. Апасы, карындашы Айпери, жакын туугандары байма-бай катташып, жардамдарын көрсөтүп турушат. Атасы Ташболот да ошентчү экен. Бирок тагдыр ата-баланы эки дүйнөгө түбөлүк ажыратты. Дегенибиз, Баяман 19 жашка толгондо атасы айылына алып кетүүгө ниеттенип келе жатып, жол кырсыгынан каза тапкан. Бул оорулуу баланын жүрөгүн канатып, жүлүнүн сыздатты. Андан бери 7 жыл өттү. “Ата” деген сөздү укканда бир башкача сезим тулку боюн аралап өтүп, көзүнөн жаш тегерене бизди жалт-жалт карап коёт. Көз караш кагылышуусун андан ала качып, кээде жер майышкан мукамдуу, армандуу обон, сыздаткан күү кайрыгына жуурулган ызабызды ката албай кайсалактайбыз. Турмуштун мынча тайкы мууздак шамалын Баяманга ыроологон тагдыр табышмагынын жандырмагын чече албай келебиз», - дешет тарбиячылар.

Майып арабада отурган Баяман жанындагы тагдырлаш жарандарга кээде акыл-насаатын айтып, бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымактуулукка чакырат. Кадимкидей апасын сагынат. Анын сүрөтүн жаздыгына жазданып жатат. Учурда жашап жаткан Манас социалдык айылын абдан жакшы көрөт. Кеткиси келбейт. Бул жайдан түрдүү тагдырдагы достору менен жакшы мамиледе. Ошондой эле кийизге түрдүү оймо сүрөттөрдү түшүрүп, кээде обон созуп ырдап да коёт. Ыры шаңдуу мелодияга сугарылып, жандуу ритмге түшкөнү менен үнүндө кандайдыр бир аянычтуу ыргактар сезилет. Аны соцпедагог Жылдыз, тарбиячы Сапия түшүнүп турганы менен аларга дем берип, улам алга сүрөп, жарыктыкка, жакшылыкка, көктөмгө көңүлдөрүн жетелейт.

«Баяман бизге буларды айтат. "Мен да үйлөнүп, туулган айылыма барып, атамдан калган үйдүн түтүнүн булатсам. Атам мага арнап жеңил автоунаа да алып койгон. Ушу күнгө Жараткан жеткирсе экен. Буттарым баспаганы менен ааламды көрөм. Жашоо маңызын акылым менен туям. Ден соолугумду чыңдоо максатында күндө өзүмө таандык спорттун түрү менен машыгам. Анан эже, ачыгын айтайынбы? Ушул жерден бир кызды жактырып да жүрөм. Эч кимге айтпаңыз" деп кээде кадимкидей өзүн бактылуу да сезет», - дешет алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×