Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусу, Кант 11.01.2019 18:12 На русском

Чоӊ Чүй каналына 2 айлык баласын ыргытып, андан соң өзү секирген аялды окуучу куткарып калган. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында Чоӊ Чүй каналына чөгүп өлгүсү келген аялды окуучу бала куткарып калды. Анын жанында 2 айлык баласы болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакыртылып, аялды алып кетишкен.

«Кант шаарындагы Чоӊ Чүй каналына өлгүсү келип секирген аялды мектеп окуучусу куткарып калган. Анын жанында 2 айлык баласы да болгон экен. Ал сууга агып кеткен окшойт. Андан соӊ суудан алып чыккан аялды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришиптир. Аял өзүн-өзү өлтүрмөк экен. Ноябрь айында суу муздак эле болчу. Ошого карабай окуучу бала кийимин чечип, сууга кирип, аялды куткарып чыгыптыр. Ал аял негизи өзүнүн эле өмүрүнө кол салмак экен, бирок "мен өлсөм, балам кимге керек" деп айтыптыр», - дешти алар.

Аймактык кабарчы аялды куткарган Кант шаардык №3 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу Михаил Краснов менен жолугуп, окуянын чоо-жайын сурады. Анын айтымында, ал куткарууга бара жатканда аял «кереги жок, келбе!» деп кыйкырган.

«Окуя бала бакчанын жанындагы Чоӊ Чүй каналында болгон. Мен машыгуу залынан кетип бара жаткам. Эки кыз "сууда бир аял чөгүп жатат" деп айтып калышты. Мен ага жардам бергени барганда ал мага "кереги жок, келбе" деп кыйкырып жатты. Мен болбой эле кийимимди чечип, сууга секирип кирип, аны куткарып калдым. Ошол маалда эч нерсе ойго келген жок. Өзүм кошо чөгүп кетем деп да корккон жокмун. Бир гана аялды куткарып чыгайын деген ой келди. Ал эми мен кичинекей наристе жөнүндө эч нерсе билген эмесмин. Кийин гана уктум», - деди ал.

Михаил Краснов келечекте программист болууну кыялданат. Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

«Үйдө чоӊ энем жана апам болуп жашайбыз. Байкем Германияда үй-бүлөсү менен жашайт. Келечекте программист болгум келет. Мектептен биология, алгебра жана орус адабияты сабактары жагат», - деди ал.

Михаил бул эрдиги үчүн эч кандай сыйлык алган эмес.

Бул окуяны Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы тастыктады. 2018-жылдын 29-ноябрында болжол менен саат 17:25те Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарында белгисиз аял кичинекей баласы менен Чоӊ Чүй каналына кулап кеткендиги боюнча кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө кызматкерлери барышкан.

«Ысык-Ата районунун 31 жаштагы А.Ш. аттуу тургуну белгисиз себептер менен 2 айлык баласын Чоӊ Чүй каналына ыргытып, артынан өзү секирген. Окуяга күбө болгондор аялды куткарып калышкан. Бирок наристени куткарууга мүмкүн болгон эмес. Аны бир нече убакыттан кийин суудан алып чыгышкан», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кичинекей баланын өлүмүнө шектүү катары А.Ш. кармалып, 2 айга камакка алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, соттук-психиатриялык экспертизанын кортундусу боюнча кылмышка шектүү А.Ш. кылмыш жазасына тартылууга жарабай турган адам деп табылган.

Тергөө иши аяктап, материалдар сотко жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.58% (723)
«РСК Банк»
28.15% (387)
«Капитал Банк»
6.76% (93)
...
Всего голосов: 1375
×