Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуСокулук району 11.01.2019 12:45 На русском

Сүрөт — 15 унаа утуп, 70 000 долларга чейин бааланган 2 тулпар: Саяпкер Эдилдин ийгилиги

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жал айылынын 28 жаштагы тургуну Дүрбөлөӊ уулу Эдил 10 жылдан бери саяпкерлик өнөр менен алектенип келет. Ал муну кадимкидей жумуш катары кабыл алып, ат таптоону мыкты өздөштүргөн. Ал ушул он жыл аралыгында жалпы 21 автоунаа утту. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

7 автоунаа уткан Актилек 70 миӊ долларга, 8 автоунаа уткан Карат 50 миӊ долларга бааланган.

- Эӊ алгачкы таптаган атым Фиандаус деген күлүк болчу. Анда менде тажрыйба жок болгондуктан көп катачылыктарды кетиргем. Тажрыйба топтоп, көптөгөн аттарды таптадым. Алар — Аравия, Актилек, Ибарат, Шумкар, Карат, Айданек, Покер, Нурпери, Байдарка жана башкалар. Айта берсем көп эле болду. Ушулардын арасынан өзгөчө ылдамдыгы, акылдуулугу, адамга жакындуулугу менен Карат өзгөчөлөндү.

Мен таптаган тулпарлардын арасынан Актилек деген күлүк 70 миӊ долларга чейин бааланган. Бирок, Актилек биз үчүн бул акчадан дагы кымбат болчу. Мындан улам 70 миӊ долларга сурап келгендерге саткан эмеспиз. Анын атасы Доран, энеси Бегимай деген бээ болгон. Кийин айгырлыкка калып, анын балдары өзүндөй болуп чуркап жатышат. Ошондой эле жогоруда сөз кылган Карат аттуу күлүктү Казакстандын чоӊ мелдешинде 50 миӊ долларга казак туугандар сураган. Көптөгөн чабыштарда байгеге илинген Актилек жана Карат болгон. Актилек 7 автоунаа уткан болсо, Карат 8 автоунаа жана 20 миӊ доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон.

Айрымдар тулпарларыӊдын аттары өзгөчө экен деп калышат. Ат коюу негизинен чоӊ мааниге ээ. Мүнөзүнө, сын-сыпатына жараша коюлат. Негизи энесинин, атасынын аттарынан аралыштырып койсо деле болот.

Жалпы 21 автоунаа жана акчалай сыйлыктарды утуп келдик

- Саяпкерликти аркалагандан бери көптөгөн чабыштарга катыштым. Алардын арасынан чоӊ байгелерим булар болду. Үч жолу кунан чабышта президенттин кубогун Аравия, Карат, Айданек менен уткам. Бишкектин 135 жылдыгында кунан чабыш, аламан жарышта биринчи орунду, Соӊ-Көл жайлоосунда Андаш баатырдын тоюнда, Ат-Башыдан Матай бийдин тоюнда, Нарындын 140 жылдыгында, Караколдо жети акенин тоюнда, Тоӊ районунун 80 жылдыгында аламан жарыштардан утуп, казак элинен дагы чоӊ-чоӊ байгелерге ээ болуп келдик. Биринчи жолу Тайтору кубогу өткөндө 31 чакырымга чуркаган Карат аттуу күлүк жол тандабас автоунаасын уткан. Ушул эле Карат Бишкектин 130 жылдыгында, Абды Суеркуловдун тоюнда аламан жарышта жана кунан чабышта биринчи орунду, андан кийин Ат-Башы районунун 85 жылдыгында автоунаа утканбыз. Жалпысынан 21 автоунаа жана акчалай сыйлыктарга ээ болдук. Анын ичинде мал-жандык жана тиричилик техникаларын дагы уткан күндөр болгон.

Марага 50 метр калганда байгени колдон алдырган күн эсимен кетпейт

- Ат чабыш өзү эле абдан кызыктуу оюн. Оюндун жүрүшүндө көптөгөн кызыктуу окуялар да болуп кетет. Эл кыдырып, жер кыдырып келе жатам. Эстен кетпегени, биздин Дубай деген атыбыз Казакстанда Нооруз майрамында биринчи келе жатып, марага 50 метр калганда чабандесибиз камчы чаап жиберип, ат башын буруп элди аралап кеткенде көрүп тургандар «атаӊ көрү, биринчи келди эле го» дешип менден мурда туйлап жиберишкен. Ошентип байгени алдырып жибергенбиз. Мындай кызыктар көп эле кездешет.

Саяпкер ат эмнени каалап турат, ошону түшүнө билиш керек

- Саяпкер болуу оӊой жумуш эмес. Саяпкер болуу үчүн чыдамкайлык, өжөрлүктү талап кылынат. Анткени күндүн ысык-суугуна карабай ат минип, аны иштетүү керек. Канчалык мээнет кылсаӊ, ошончолук үзүрүн көрөсүӊ. Атка жакын болуш керек. Ат эмнени каалап турат, ошону түшүнө билиш керек. Жылкы баласы аябай назик болот. Атка жаш баладай аяр мамиле кылуу керек. Көӊүлүнө карап жумуш беребиз. Ошондо ат менен адамдын ортосунда байланыш түзүлөт.

Келечекте...

- Алдыга койгон максаттарым буюрса көп. Дагы ушундай мыкты-мыкты күлүктөрдү таптап, чоӊ мелдештерге катышайын деген ойлор бар. Мындан ары чет өлкөдөн кан жаӊыртып күлүктөрдү алып келсемби дейм. Биздин күлүктөр менен аргындаштырып байгеге чапсамбы деген ой-максаттарым бар.

Өзүм жөнүндө

- Саяпкерлик өнөрдү аркалап келе жатканыма 10 жылдын жүзү болду. Жумушка жаӊы киришкенде саяпкердин жардамчысы болуп иштеп жүрдүм. Андан кийин өз алдымча ат таптай баштадым. Негизги саяпкерликке балачагыман эле кызыкчумун. Атка кызыкканымды байкаган атам тай алып берген. Ошону таптап үйрөнө баштагам. Кийин шаарга келип борбордук ат майданында иштеп калдым.

Өзүм Талас облусунун Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулуп, ушул жерде өстүм. Учурда Сокулук районунда үй-бүлөбүз менен жашайбыз. Беш бир туугандын экинчисимин. Бир агам жана үч иним бар. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, бир кызым бар. Билимим орто.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×