Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусуКемин району 11.01.2019 08:57 На русском

Кеминде жолугууга чыкпай койгон кызга жини келген жигит үйүлгөн чөптү өрттөп салган

Turmush -  Кемин райондук соту мурда соттолгон Станиславдын (аты-жөнү өзгөртүлдү, К.С.В.) кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Станислав эмне үчүн айыпталып жатат?

Ал 2017-жылы 27-августта болжол менен саат чамасында 01:00 Кемин районунун Нур айылында жашаган Екатерина аттуу таанышы менен жолугууну чечкен. Нур айылына жетип, кызды суунун жээгинде күтүп, тамекинин өчпөгөн калдыгын үйүлгөн чөп тарапка ыргытып жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу Б.Б.нын үйүнүн аймагындагы 250 түк беде өрттөнүп кеткен.

Станислав өзү эмне дейт?

2017-жылдын декабрь айында Нур айылында жашаган Катя аттуу кыз менен социалдык тармактан таанышып, аны менен кат аркылуу сүйлөшүп баштаган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кыз менен жолугуу үчүн Кеминге барган. Айылга жеткенден кийин кыздын үйүн көздөй жөнөгөн. Бул маалда телефонунун кубаты түгөнүп, Станислав кызды аккан суунун жээгинен күтүүнү туура көргөн. Ал кызды күтүп жаткан учурда мезгил-мезгили менен тамеки чегип, спирт ичимдигин ичип турган. Катяны 30 мүнөттөй күтүп, андан соң кыздын үйүнүн эшигинин алдына барган. Ал жерде 10 мүнөттөй күтүп, эгер кыз үйүнөн чыкпаса кайра артка кетүүнү чечкен. Кыз чыкпай койгондо Станислав жинденип, тамекинин өчпөгөн калдыгын үйүлүп турган чөпкө ыргыткан. Ал бул чөп кыздын чөбү деп ойлогон. Көчө тарапка жеткенде ал чөптүн кандай күйүп жатканын көргөн. Станислав кайра үй тарапка чуркап келип, өрттү өчүрүп баштаган. Бирок күйгөн от өчпөй калганда ал үйдүн ээсине окуяны айтуу үчүн короонун тосмосунан секирип, үйгө чуркаган. Өзүнүн тарабы көздөй келе жаткан үйдүн ээси менен жолугуп, экөөлөп короодо токтоп турган унааны түртүп жылдырышкан.

Жыйынтыгында сот Станиславды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркиндигинен ажыратты. Сот жазаны шарттуу деп эсептеп, 2 жыл сыноо мөөнөтүн белгилөө токтомун чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×