Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуСокулук району 10.01.2019 13:51

Сооронбай Жээнбеков: Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот

Turmush -  Калкты таза суу менен камсыз кылуу стратегиясынын алкагында 650 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

«Бул долбоорлорду ЕБРР, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоо күтүлүүдө. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы жана Араб өлкөлөрү тарабынан да калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун каржылоого кызыгуу бар. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот, бул менин президенттикке талапкер катары айткан убадаларымдын бири», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×