Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуЧүй району 10.01.2019 09:48

Маданият кызматкери Эльмира айым УАЗдын чарчаган айдоочусун уктатпоо үчүн Таластан Ошко чейин 150 ыр аткарган

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунун 49 жаштагы тургуну Эльмира Курманходжаева 30 жыл маданият тармагында эмгектенген. Ал учурда кайын энеси үйрөткөн кол өнөрчүлүк менен алектенип, курак курап, кыздарга сеп жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, айдоочу уктап кетпесин деп Таластан Ошко чейин 150дөй ырды аткарып барганын унутпайт.

«1988-жылдары обончу Марат Алыбаев жетектеген "Мыскыл жана тамаша" тобу менен Таластан Ош облусуна чейин баратканда шоопур уктап кетпесин деп, жетер-жеткиче ырдап барган күнүм азыркы күнгө чейин эсимден кетпейт. Айдоочу аябай чарчап, уйкусу келип жаткан болчу. Уктап кетпесин деп алаксытып баргам. Анда жалаӊ куудулдар менен чогуу бара жатканбыз. Ал кезде азыркыдай зуулдаган чет элдик унаалар жок. УАЗ "Автоклуб" болчу. 10 саатта араӊ жеткенбиз. Ошондо болжол менен 150дөй ырды ырдап баргам», - деди ал.

Эльмира Курманходжаева: «Маданият тармагында иштегениме 30 жыл болуп калды. Акыркы бир жылдан бери маданият үйүнөн жумуштан чыгып, азыр үйдө кол өнөрчүлүк менен алектенем.

Кайненем уз-чебер адам. Ал мени кол өнөрчүлүккө үйрөттү. Курак курап, кызга сеп, ар кандай кийим тигип жана токуйм. Кардарларым кудайга шүгүр, буйрутмалар тынбай келип турат. Азыр атаандаштык күч болуп турганда, кийимдерди сапаттуу жана өзгөчө стилдүү кылууга аракет кылам. Кардарларыма менин тигип бергендерим абдан жагат. Аларга жакса өзүӊ да сүйүнүп каласыӊ. Эртеси көӊүлдүү иштеп, жакшы кылып жасаганга далалат кылат экенсиӊ.

1987-жылы "Талас элдик" театрына иштегени келип, ошондон чыгармачылыкка аралашып калгам. Көптөгөн сахналаштырылган сценкаларда роль жаратып, Чүй жана Талас театрларында иштеп жүрдүм», - деди.

Эльмира айым «Талас таӊшыйт» эл аралык фестивалда 3-даражадагы диплом, Нарын шаарында өткөн «Богачын 125» аттуу обончу, аткаруучулар сынагында 2-даражадагы диплом, обончу Жумамүдүн Шералиевдин 80 жылдыгына арналган обончу, аткаруучулардын сынагында 2-даражадагы диплом алып, «Ош 3000» эл аралык фестивалда төртүнчү орунга ээ болгон. Мындан сырткары көптөгөн диплом, ардак баракчалар менен сыйланды. Ал 1969-жылы Талас районунун Манас айылында төрөлгөн.

«Учурда Кара-Дөбө айылында үй-бүлөбүз менен жашайбыз. Жолдошум Жумабек Сагынбаев обончу. Экөөбүздүн беш балабыз бар. Балдарыбыздын баары таланттуу. Жолдошум экөөбүз аларга жаркын келечек түзүп, ар тарабынан колдоп берсек деген тилегибиз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×