Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуСокулук району 10.01.2019 08:47

Сокулуктагы майыптардын реабилитациялоо борборунда 89 бала багылат

Turmush -  Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районуна болгон иш сапарынын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барды. Бул борбор Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигине карайт.

Борбордун жетекчиси Айзада Асанованын айтымында, медициналык пункттун жана дарылоо, дене тарбиялоо кеңсесин оңдоп-түзѳѳ иштерине акча каражаты керектелет.

Сооронбай Жээнбеков реабилитациялоо борборун карап чыгып, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшө турганын белгиледи. Мамлекет башчысы борбордо иштеп жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип, алардын социалдык багыттагы суроолоруна жооп берди.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, 100 орунга ылайыкташтырылган бул реабилитациялоо борборунда талма оорусу менен жабыркаган 27, церебралдык шал оорусу менен 20, азыраак акыл эстен артта калуу менен 19, оор акыл эстен артта калуу менен 14, даун диагнозу менен 7, аутизм диагнозу менен жабыркаган 2 бала багылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×