Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 09.01.2019 15:51

Мууздалган таксисттин балдары 5 айдан бери күнөөлүүлөр табылбай, атасынын унаасына айып пул сурап жатканына нааразы

Turmush -  Чүй облусунда киши колдуу болуп көз жумган таксисттин балдары 5 айдан бери кылмыштын бети ачылбай жатканына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алардын айтымында, атасынын автоунаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, ага 15 миң сом сурап жатышат.

Киши колдуу болгон таксист

16afbd9a44fd2f4894097338e3710ec5

«Биз атабыздан айрылып, кайгырып, кан жутуп турабыз. Азыркы күнгө чейин атамды өлтүргөн кылмышкерлер табыла элек. Атамдын унаасы тергөөчүлөр тарабынан айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Бирок ага күнүгө 100 сомдон айып эсептелинет экен. Мен буга түшүнбөй турам. Унаа жол эрежесин бузганда токтотулган эмес да. Биздин мыйзам ушундайбы?» - деп билдиришти.

Унаа токтотуучу жай

IMG-20190109-WA0035

Кийинчерээк маркумдун балдары унааны алышкандыгын билдиришти.

«Бизге унааны кайтарып беришти. Биздин тергөөчүлөргө эч кандай нааразычылыгыбыз жок. Тергөө иши жүрүп жатат», - дешти алар.

Чүй облусунда дайынсыз жоголуп, андан соң жансыз денеси табылган 52 жаштагы Бактыбек Чылпаков такси кызматында иштечү. Ал Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айылынын тургуну болгон. 2018-жылы 5-августта эртеӊ менен үйүнөн жумушка унаасы менен кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

Маркумдун уулу Атай: «Мен азыркы тапта Москвадамын. 5-август күнү эртеӊ менен жумушка чыгып кетиптир. Москванын сааты боюнча кечки саат 18:00дө аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөм. Ал "Кардарлар келип калды" деп телефонун өчүрүп койгон болчу. Андан кийин эле телефону өчүк болуп калды.

Ал бир топ жылдан бери такси кызматында иштеп келет. Көбүнчө Тузов, Серафимовго каттайт. 3 уул, 1 кызы бар. Мындай окуя мурда болчу эмес. Каякта жүргөнүн бизге айтып турчу», - деп билдирген.

Бактыбек Чылпаков «Хонда Одиссей» (мамномур S 6509 AX) үлгүсүндөгү автоунааны айдачу.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы: «6-августта Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө дайынсыз жоголгон кишинин 1951-жылы туулган жубайы арыз менен кайрылган. Бул арыз кылмыш каттоо китебине катталып, ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин башташкан. 6-августта кечки саат 22:00 чамасында ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жоголгон адамдын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасы Кант шаарынын Хунчи айылынын жанындагы айдоо талаасынан табылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында 52 жаштагы Ч.Б.нын жансыз денеси Кант шаарына кетип бараткан жакта, тактап айтканда Хунчи менен Биринчи май айылдарынын ортосундагы айдоо аянтчасынан табылды», - деп билдиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон болчу.

Издөө иштерине катышкан айылдык тургундардын айтымында, маркумдун денесине 4-5 жолу бычак сайылып, мойнунан мууздап кетишкен. Ошондой эле унаага кароо жүргүзгөн маалда анын ичинде кандын тактары, чегилген чылымдын калдыктары табылган.

Тема боюнча: Мууздалган таксисттин өлүмү: 3,5 айдан бери күнөөлүүлөр изделүүдө

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×