Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуСокулук району 09.01.2019 14:15

Дарыгерлердин айлыктары көбөйтүлдү, - президент Сооронбай Жээнбеков

Turmush -  «Мугалимдерге, дарыгерлерге айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Дарыгерлердин айлыктары көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде» деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы кызматына киришкен күндөн тартып, президенттикке талапкер катары элге берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштегенин белгиледи.

«Убадаларымдын негизгилери — региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул — мугалим, дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, айлыктарды көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керек.

«2018-жылы бул багытта иштедик, калктын турмушун жакшыртуу үчүн зарыл базаны түздүк. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап медиктердин айлыгын көтөрдүк. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул багытта өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатат», - деп белгиледи президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×