Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Чүй облусуЧүй району 09.01.2019 11:07

«Тандырды тооккана дебе»: Айылдан министрдей кийинип келген алайлык жигитке турмушка чыккан Алимпиада жеңенин кызыктары

Turmush -  38 жаштагы ысык-көлдүк Алимпиада Мукамбетова келиндик доордогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. 23 жашында Алай районунун Кызыр-Конгон (Согонду) айылынын тургунуна турмушка чыккан. 1978-жылы туулган жолдошу Замирбек Ураимов учурда жеке ишкер. Кийим тигүүчү чакан цех иштетет.

«Бир үналгынын "Акыйнекчи" рубрикасында көп угармандар акыйнек айтышчубуз. Бир күнү алып баруучу "бүгүн бардык акыйнекчилер уттуңар. Келип байгеңерди алып кеткиле" деп жарыя салды. Ошондо Кыргызстандын бардык дубанынан келген акыйнекчилер чогулганбыз. Акыйнекчилердин арасында айылдан жаңы эле чөп чаап келген бир жигит бар экен. Өзү да капкара экен. Анысы аз келгенсип костюм жана ак көйнөк кийип, галстук тагынып алыптыр. Мен жактырбай, жөнөкөй эле кийинип келбейби, министрлер менен жолукчудай болбой деп жаман көргөм. Ошентип акыйнекчилер таанышып, бара-бара көп жолугушуп, чогуу концерттерге барып, ынак достордон болуп кеттик. Бир күнү акыйнекчи Ширин аттуу кыздын үйүнө бардык. Ошондо баягы жигит нан жапкан тандырды көрсөтүп "мына бул тандыр болот, Ошко келин болуп барганда бул кандай тооккана деп жүрбө" деп каткырды. Мен Ошко эмнеге келин болмок элем, кудай сактасын деп күлүп койдум. Кийин ал жигит экөөбүздүн ортобузда махабат пайда болду. Тез-тез жолуга баштадык. Сүйлөшүп, Ош базарынан борбордук универсалдык дүкөнгө (ЦУМ) чейин жөө барып бир тынып, андан үналгыга чейин жөө басып, ал жерден эс алчубуз. Андан ары Туңгуч кичи районуна жөө сүйлөшүп жетип калчубуз. Кечинде үйгө барып, телефон менен түнкү саат 12:00дөн саат 01:00гө чейин сүйлөшчүбүз. 6 ай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Замир камкор ата, шайыр, шайдоот, жоопкерчиликтүү, аябай романтик адам», - деди ал.

Алимпиада Мукамбетова: «Мен көлдүк болгондуктан Ошто пайдаланылган көп сөздөрдү билчү эмес элем. Бизде "жүгүн" десе, Ошто "салам сал" дейт экен. Жаңы келин болуп барганда бир апага "салам сал" дешти, мага саламдаш дегендей угулду. Мурда Ошто Ысык-Көлдөгүдөй күнүгө жүгүнбөйт дешкенин уккам. А, булар жаңы келген келин менен жөн гана саламдашат турбайбы деп, "саламатсызбы" деп саламдаштым. Дагы эле "салам сал" дей беришти. Кулагы жакшы укпайт окшойт деп катуураак "саламатсызбы" дедим. Анан жанымдагылар жүгүн деп жатат деп түшүндүрүштү.

Аларда шооля деген тамак бар экен. Бир күнү жеңем "шооля жасап кой" деди. "Кантип жасайм" десем, "бардык чөп-чарды кууруп, күрүч салып коёсуң" деп бир жакка кетип калды. Мен айткандарын жасап, аштай эле 1 кг күрүчтү жууп туруп салып койдум. Көрсө ага 1 чыны эле күрүч салат экен. Бир маалда күрүч көөп, мискейден ашып төгүлө баштады. Замирбек (жолдошум) чуркап келип үстүнөн күрүчтөрдү алып кайра суу куюп бышырды. Ошентип мага жардам берип, мени куткарып кеткен. Бош убактымда балдарымды, жакындарымды видеого тартып, клип сыяктуу монтаждап жасайм. Балдарыма жакшы тарбия берип, мен жетпей калган максаттарыма балдарымды жеткизсем деген тилегим бар», - деди.

Ал эки уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×