Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусу, Токмок 19.03.2019 21:30

Айыл турмушу: Залдагы тиктеген жигиттен уялган Г.Боголонова ырын унутуп, сахнадан качып кеткен (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну Гүлзар Боголонова 30 жаштан кийин гана чыгармачылыкка аралашып, музыкалык окуу жайда фольклор жагында билим алууда. Ал комуздун коштоосунда жандуу үн менен ырдап, элге талантын тартылоону максат кылууда.

Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыздын айтымында, 5-класс кезинде аны тиктеп турган баланын айынан ырдап жаткан ырынын сөзүн унутуп коюп, микрофонду таштап качып кеткен.

«Чыгармачылыкта, жашоодо көп эле кызыктуу окуялар болот. Эмнеси экенин билбейм, бирок мектеп куракта болгон бир кызыктуу окуя такыр эсимден кетпейт. Анда мен 5-класста окучумун. Жаӊы жыл майрамында "Ветер" деген орусча ырды аткарып чыгып, жакшы эле мектептин сахнасынан ырдап баштагам. Залда көрүп турган окуучулардын арасынан бир бала мени теше тиктеп турган экен, көздөрүм ошол балага чагылышып кетти. Ошондо өзүмдөн өзүм уялып кетип, ырымды таппай калдым. Какап-чакап калган кишидей болуп, эки жагымды элеӊдеп карап, ырдын саптарын жоготуп, микрофонду таштап салып качып кеткем. Мен чуркап баратсам да болбой баары кол чаап, кайра чакырып, ырда деп да айтып жатышканына карабай кетип калгам», - деди ал.

Гүлзар Боголонова 1985-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда Жеӊиш айылында төрөлгөн.

«Билимим орто. Билим алуунун эрте-кечи жок деп коет эмеспи, ошол себептен учурда Токмок шаарындагы музыкалык окуу жайда фольклор жагында окуп жатам. Негизи чыгармачылык чөйрөгө, маданият тармагына 30 жаштан өтүп аралаштым. Ага чейин балдарым кичинекей болуп алар менен үйдө болдум. Ошол арада ыр жазып да калар элем. Жан дүйнөӊ музыка деп согуп турса, кеч болсо да чыгармачылыкка кайрылат экенсиӊ. Чыгармачылыкта албетте ырдайм жана ыр да жазып калам. Кудайым буюрса комуздун коштоосунда жандуу үн менен ырдып, элиме талантымды тартууласам деп турам. Буга улай мектепте дагы окуучуларга музыкадан билим берүүдөмүн», - деди ал.

Гүлзар Боголонова үй-бүлөлүү, 2 уулдун апасы.

«Жолдошум дагы Нарын шаарынан болот. Учурда Токмок шаарында жашайбыз. Келечекте кудайым буюрса ырлар жыйнагымды чыгарсам деген тилегим бар. Анан да улуу сахнага кадам таштасам деп турам», - деди ал.

Каарманыбыз 2016-жылы күздүн акыркы айларында борбор калаанын четиндеги сейил бактан эне-баланы көрүп, «Сүрөтчү» аттуу ырын чыгарган.

«Деги эле эргүү ар бир чыгармачыл инсандарга ар кандай келет эмеспи. Канча суук болсо да мага эргүү күздө жана кыш мезгилинде келет. Ушул эне-баланын табиятка суктанып турганын көрүп, "Сүрөтчү" деген ырымды күз айында жазгам», - деди ал.

Сүрөтчү

Бак ичинде күзгү салкын кеч кирди,
Эстеп өттүм бир кездеги мезгилди,
Мырза терек жалбырагы саргайган,
Жаркыган жаз мына эми эскирди.

Саргайыӊкы жалбыракты тепселеп,
Берекелүү күз экени сезилет.
Ошондо бир ак жоолукчан апаны,
Көргөн элем жаш уланды жетелеп.

Сылтый басып жөлөнгөнсүп апага,
Баштан сылап аягансып апа да.
Жоодураган көздөр менен суктанып,
Табиятка турган эле жаш бала.

Колунда бар кармап алган калеми,
Ал чиймелеп бир тактага элести.
Жандуу турган мемиреген табият,
Ак кагазга сүрөт болуп чийилди.

Табиятка көз карашы санаалаш,
Бир кыялын орундатып бала жаш.
Этек-жеӊи желбиреген энесин,
Кооздукка тартты бала аралаш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.58% (723)
«РСК Банк»
28.15% (387)
«Капитал Банк»
6.76% (93)
...
Всего голосов: 1375
×