Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.01.2019 12:13

Ысык-Атада жыл мыктылары аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация тарабынан аталган райондун жыл мыктылары аныкталды. Бул тууралуу айтмактык кабарчы билдирди.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ысык-Ата районунун экономикасына, өндүрүшүнө, дени сак жана сергек жашоону калыптандырууга салым кошкондор сыйланып, «Жылдын мыкты жетекчиси», «Жылдын мыкты айылдык кеңештин төрагасы», «Жылдын мыкты айыл өкмөтү», «Жылдын мыкты ички иштер бөлүмүнүн кызматкери», «Жылдын мыкты дыйкан чарбасы», «Жылдын мыкты спорт чебери», «Жылдын мыкты спорт машыктыруучусу» жана башка наамдар тапшырылды.

Сыйлыкка жалпы 20 киши тандалып алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×