Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Чүй облусуМосква району 07.01.2019 13:42 На русском

Айыл турмушу: Мени көргөндөр таң кала беришет, - күрөң жана көк көздүү Д.Эдильгерова (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кыз-Моло айылынын 21 жаштагы тургуну Диана Эдильгерованын бир көзү көк, экинчи көзү күрөң түстө. Анын көздөрүнө көпчүлүк адамдар таң калып келишет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен жаңы төрөлгөндө ата-энемдер көзүмдү көрүп таң калышып, оору деп ойлошуп, ооруканага алып барып көрсөтүшүптүр. Анда дарыгерлер "бул оору эмес, ушундай боло берет. Бирок чанда эле кездешет, эч коркунучу жок, баары жакшы" деп айтышкан экен. Ошондо сол көзүм көк, оң көзүм күрөң болуп төрөлгөм. Төрөлгөндөн бери ушундай, экөө тең бирдей көрөт, эч качан ооруган эмес. Үйдө атамдын көзү кара, апамдын көзү күрөң. Тукумубузда мындай көз эч кимде жок. Негизи элди дарылаган адамдардыкы гана ушундай болушу мүмкүн деп айтып коюшат экен», - деди.

Диана Эдильгерова: «Биринчи көргөн элдер кечке карап тура беришет, таң калышат. Бир-бири менен шыбырашат. Ага көнүп деле калгам. Көбүнчө "линза тагып алдыңбы" деп сурагандар көп. "Жок өзүмдүкү" десем, "сонун экен" дегендер дагы бар. Жакындар таарынтып алабызбы деп көп унчукпайт, себеби көбү оору деп ойлошот окшойт. Кээде кичинекей балдар "эмнеге эки көзүңүз эки башка" деп калса, аларга тамашалап "мышыктын көзүн тагып алгам" деп коем. Төрт бир тууганым бар, алардын көздөрү окшош, бир өңдө. Негизи эле негативдүү сөз уга элекмин, баарына жагат. Өзүмө дагы, элден башкача өзгөчөлүгүм бар экени жагат», - деди.

Диана бир баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×