Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусуЖайыл району 04.01.2019 13:22 На русском

Суусамырда 14 жылкыны жеген 3 чоң карышкыр жок кылынды (сүрөт, видео)

Turmush -  Суусамыр өрөөнүнүн Чаар-Таш жайлоосунда акыркы 10 күндөн бери 14 жылкыны жеп кеткен 3 чоң карышкыр атылды. Бул тууралуу мергенчилердин бири Асхат Тагылыков аймактык кабарчыга билдирди.

«Биз досум Канат Кыдыралиев экөөбүз карышкыр мал-жандыктарды жеп жатканын угуп барганбыз. Жыйынтыгында 3 карышкыр жана 1 чөө аттык. Ал жактагы чабандар кубанып калышты. Карышкырлар акыркы 10 күндө эле 14 жылкыны жеп салган экен. Бирок биз өзүбүздүн ок менен атып өлтүрдүк. Учурда ок-дарыбыз түгөнүп калды», - деди ал.

Мергенчи жергиликтүү бийлик тарабынан жардам күтөрүн кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.58% (723)
«РСК Банк»
28.15% (387)
«Капитал Банк»
6.76% (93)
...
Всего голосов: 1375
×