Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуКемин району 03.01.2019 17:42

Кеминде самбо боюнча мелдеш өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Кемин районунун Кичи-Кемин айылында советтик, мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Арстанбек Дүйшеев 1932-жылы 16-сентябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында төрөлгөн. Ал мамлекеттик жогорку кызматтарда эмгектенип, өлкөбүзгө зор салым кошкон.

Мелдешке 2006-2007-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр катышып, алар республиканын булуӊ-бурчунан чогулушту. Спорттук мелдешке жалпы жүздөн ашуун жаш өспүрүмдөр катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×