Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусуЫсык-Ата району 03.01.2019 14:09

Ысык-Атадагы талаадан аял кишинин жансыз денеси табылды

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Д.Курманалиев айылында белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылды. Аймактык кабарчыга жашоочулар билдиргендей, маркум болжол менен 30-35 жашта.

«Биздин айылдын малчылары эртең менен эрте мал чыгарып бара жатып айылдын этегинде, жол четинен белгисиз кыздын сөөгүн табышыптыр. Алар дароо милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат. Кыз биздин айылдык эмес экен. Ал жаңы жыл түнү өлтүрүлгөн болушу мүмкүн», - дешти алар.

Ал эми Ысык-Ата РИИБдин маалыматы боюнча, 1-январь күнү саат 16:25те райондогу айылдардын биринде жансыз дене табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Билдирүү кылмыш жана кырсыктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, талаадан азиат түспөлүндөгү 25-30 жаштагы аял кишинин денеси табылган. Денени кароо учурунда эч кандай жаракат байкалган эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, маркумдун өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.58% (723)
«РСК Банк»
28.15% (387)
«Капитал Банк»
6.76% (93)
...
Всего голосов: 1375
×