Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Чүй облусу, Кара-Балта 02.01.2019 12:25 На русском

«Уулдуу болгуң келеби деп көп сурашат»: 32 жаштагы Ажибек 6 кыздын атасы, арасында үч эм да бар (сүрөт)

Turmush -  32 жаштагы Ажибек Жамырзаев менен 29 жаштагы Арафат Шерматова Кара-Балта шаарына 8 жыл мурун көчүп келишкен. Жубайлар Оштун Чоң-Алай районунун тургундары, алар кошуна айылдарда чоңоюшканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып беришти.

Жубайлардын экөө тең 7 балалуу үй-бүлөдө өсүшкөн. Арафат бир туугандардын ичинен кичүүсү болсо, Ажибек алтынчысы. Алар баш кошконго чейин бири-бири менен сүйлөшүшкөн эмес. Себеби үй-бүлөлөрү динди бекем кармаган. Ажибек Арафаттын үй-бүлөсү менен таанышып, андан кийин куда түшүшкөн.

«Бизде кыз менен жолугууга болбойт. Ошондуктан мен туугандарымдын жардамы менен үйлөндүм. Алгач анын атасы менен тааныштым. Аны көргөндөн кийин мындай адам балдарына жакшы тарбия берген деп ойлодум. Агамды Арафаттын үйүнө жөнөтүп, ал туугандары менен таанышты. Агам менин тандоомду колдоду.

Биз ислам салт-санаасын сактагандыктан кыз-жигит болгон жокпуз. Үйлөнгөндөн кийин дайыма жаратылышка чыгып, эс алдык. Жубайыңа көңүл буруп, ага кам көрүү абдан маанилүү деп ойлойм. Аны өмүр бою сыйлоо керек», - деди Ажибек Жамырзаев.

Жубайлар үйлөнгөндөн кийин Ажибекти Кара-Балта шаарындагы Ислам институтунда иштөөгө чакырышкан. Алар бул шаарда ижарага батир алып жашап башташкан. 2012-жылы Муслима, эки жылдан кийин Мавлюда, дагы эки жылдан соң Саида аттуу кыздуу болушкан. Ал эми бир жылдан кийин 3 эм кыздуу болуп, аларга Рабия, Хабиба жана Алима ысымдарын ыйгарышкан.

«Жубайым экөөбүз чоң үй-бүлө курууну пландаганбыз. Арафат төртүнчү жолу кош бойлуу болгондо эгиз балалуу болууну кыялдангам. Алыскы туугандарымдын эгиз балдары бар. Бишкектеги ооруканага барганда биз 3 эмдүү боло турганыбызды айтышты. Бул жараткандын абдан чоң белеги болду. Андан кийин 3 эмдин баары кыз экенин билдик. Бул жаңылыкты укканда дүйнөдөгү эң кооз фейерверкти көргөндөй болдум», - деди үй-бүлө башчысы.

Ажибекке «уулдуу болгуң келеби?» деген суроону көп беришет. Үй-бүлө башчысынын айтымында, эң негизгиси балдардын ден соолугу, ал эми анын жынысы эч кандай мааниге ээ эмес.

Ал 3 эм кыздарынын ысымын чечмелеп берди. Рабия — төртүнчү, Хабиба — сүйүктүү, Алима — эң акылдуу деген маанини түшүндүрөт.

«3 эмди жайында төрөдүм. Алардын сырткы келбети окшош болгону менен мүнөздөрү ар башка. Алгач тентек болуп жаткан кызым азыр жоош, экинчи кызым баарынан көп күлөт, ал эми үчүнчү кызым дайыма көңүл бурууну талап кылат. Улуу кыздарым кичүү кыздарымды багууга жардам беришет», - деди Арафат.

Ажибек Жамырзаев: «Учурда чоң үй курууну пландап жатам. 5 миң сом эмгек акым үй сатып алууга жетпейт. Учурда айына 5 миң сом төлөп, батирде жашайбыз. Дүйнөдө кайрымдуу адамдар көп, бизге азык-түлүк алып берип, жардамдашкан меценаттар бар. Президентке кайрылгандан кийин сүйүнчү пул алдык.

Кыздарымды татыктуу тарбиялап, жогорку окуу жайда окутууну максат кылам. Учурда эки кызым кесип тандады. Бири мугалим, экинчиси дарыгер болгусу келет», - деди.

Жайыл райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Айымкан Керимбай кызы билдиргендей, 3 эм баласы бар үч үй-бүлө ведомствонун каттоосунда турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×