Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуЧүй району 03.01.2019 17:03

2018: Мечиттен жоголгон долларлар, рингде мерт кеткен өспүрүм, 35 жашында 3 эм төрөгөн Гүлбарчын... Чүйдөгү окуялар

Turmush -  2018-жылы Кыргызстандын аймагында ар түрдүү окуялар болду. Алардын ар бирин Turmush басылмасынын аймактык кабарчылары өз убагында так жана таамай чагылдырып турушту. Бул жолу Чүй облусунун аймагында жыл ичинде болгон урунттуу окуялардын айрымдарын кайрадан назарыңыздарга салабыз.

-----------------------------------------------

8 жаштагы Рустам Сокулуктагы атасына баруу үчүн 2,5 чакырымды жөө баскан (фото)

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айылында жоголгон 8 жаштагы Рустам Сейитбеков табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын атасы Зухраб Сейитбеков билдирди.

Анын айтымында, Рустам өзү жашаган үйдөн эртең менен мектепке чыгып кеткен боюнча кайра барган эмес. Ал бир күн өтпөй түнкү саат 01:00 чамасында табылды.

«Аны Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери табышыптыр. Ал кичи автобуска отурганда интернеттеги жарыяны көргөндөр 102 номуруна билдиришиптир. Буга чейин баламдын жоголгону тууралуу интернетке билдирүү чыккан эле. Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уулумду түндө табышыптыр. Өзүм Сокулукта жашайм. Уулум Жээк айылында чоң апасы менен жашайт. Ал «атама барам» деп классташтарына айтып кетиптир. Балам 2,5 чакырым жолду жөө басып, кичи автобуска түшүптүр. Сокулукка келмек экен, бирок Аламүдүндө адашып кетиптир. Рустам үй-бүлөдө жалгыз бала», - деди ал.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-YnGbKP1GXQRJuAz

-----------------------------------------------

Тилсиз жоо: А.Абидов 28 миң долларга алган үйү өрттөнүп, үй-бүлөсү менен көчөдө калды

Аламүдүн районунун 30 жаштагы тургуну Алишер Абидов жубайы менен бирге мындан 4 жыл мурун 28 миң долларга турак үй сатып алышкан. Жаңы жылдан кийин, тактап айтканда 2018-жылдын 6-январында өрт чыгып, үйү жана үйдүн ичиндеги эмеректер, тиричилик техникалары, ошондой эле 30 миң сом акчасы толугу менен өрттөнүп кетти.

А.Абидов аймактык кабарчыга билдиргендей, анын үйү Аламүдүндөгү Панфилов көчөсүндө жайгашкан.

«Турак үйүбүздү мындан 4 жыл мурун 28 миң долларга сатып алган элек. Үй менен чогуу 30 миң сом акчабыз жана эмеректер, тиричилик техникалары өрттөнүп кетти. Өзүм маршруттук каттамдагы айдоочу болуп эмгектенем. Учурда үй-бүлөм менен Новопокровкада туугандардыкында жашап жатам. Мен 30 жашта болсом, аялым Ольга Сичкарь 32 жашта. Экөөбүздүн эки уулубуз бар, улуусу 11 жашта, кичүүсү 4 жашта», - деди ал.

-----------------------------------------------

Сокулукта меш жарылып, ооруканага түшкөн кош бойлуу келин көз жумду

Сокулук районунун Романовка айылындагы турак үйдүн меши жарылып, анын кесепетинен 1996-жылы туулган Анара денесинен 65% күйүк алып, оор абалда Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Окуядан 11 күн өткөндөн кийин кош бойлуу келин борбордогу ооруканада көз жумганын аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

«Ал 9-февраль күнү жерге берилет. Артында жолдошу менен 2016-жылы төрөлгөн уулу калды. Өзүнүн ата-теги Суусамыр өрөөнүнөн болот. Ал эми, маркум Романовка айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн. Жолдошу экөө сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Кырсыктан кийин ооруканадан ичиндеги баланы алдырып, кыйналып калды деп жатышат. Ал Сокулуктагы ооруканадан 4 күн өткөндөн кийин Бишкектеги ооруканага которулган болчу. Ошол жерден көз жумду», - деп билдиришти тургундар.

30d261daafa9ea09d5d35263c93f9311_500_0_0

Маркум Анаранын жолдошу Бекмурат Камбаровго Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кайрылган учурда келинчеги ооруканадан үйгө чыгарып келгенден кийин, 4-февралдан 5-февралга караган түнү көз жумганын тастыктады.

«Дарыгерлерге эч кандай дооматым жок. Алар күнү-түнү карап жатышты. Өзүнчө бөлмөгө чыгарып бергиле десем, өзүнчө бөлмөгө чыгарып беришти. Сокулук аймактык ооруканадан Бишкектеги күйүк борборуна которгонбуз. Боюнда бар эле. Баланы алдыргандан кийин күчтүү дарыларды көтөрө албай калды. Клеткалары өлбөш үчүн күчтүү дарыларды берет экен.

Сокулуктан денесинин 65 пайызы күйүп калды деп айтышкан. Бишкектен 80 пайызы күйүптүр дешти. Сокулуктагы ооруканадан чыгарып жатканда дарыгерлер ичиндеги балага коркунуч жок деп айтышкан. Бирок, шаарга барганда гинекологдордон кеӊеш сурагыла деп билдиришкен. Акчам калбай калып, акчага кеткенде келинчегимдин жанында кайын журтум калган», - деди ал.

Бекмурат Камбаров келинчегин Сокулуктан Бишкекке алып баргыча бала боюнан түшүп калганын кошумчалады.

«Күчтүү дарыларды көтөрө албай калды. Акыркы күндөрү дарыгерлер сактап калууга мүмкүндүк жок экенин айта башташкан. Келинчегим да үйгө кетем деп туруп алды. Аны үйгө оор абалда чыгарып келгенден кийин, 4-февралдан 5-февралга караган түнү көз жумду.

Дайыма жылытуучу системаны карап турчумун. Менин катам, кырсык болгон күнү жылытуучу системаны карабай коюптурмун. Ал окуяга 2 саат калганда мешке өзүм от жагып, андан кийин жумуштарым менен кеткен элем. 3 сааттан кийин телефон чалышты. Үйгө барып келинчегимди көтөрүп унаага салып, ооруканага алып баралы деп жатсак тез жардам кызматы келип калды. Сокулукта 3 күн жатты. Ошол күндөрү катуу суук болуп жаткан. Мен эртеден кечке жумушта болуп, үйдө келинчегим баланы карап отурчу. Элге айтарым, жарым сааттык убакытты аябай, жылытуучу системаны текшерип туруш керек», - деди ал.

Буга чейин 26-январда ӨКМ Сокулук районунун Романовка айылындагы турак үйдүн меши жарылып, 22 жаштагы кош бойлуу келин оор жаракат алганын маалымдаган.

-----------------------------------------------

Мечиттен жоголгон долларлар: Жабырлануучу уурдалган 190 миӊ сомуна унаа сатып алмак

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 190 миӊ сом уурдалган мечитте мындан 4 жыл мурун да уурдоо фактылары катталып келген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мечиттин имамы Ислам Мамаев билдирди.

Имам И.Мамаевдин айтымында, 33 жаштагы эркек кишинин 190 миң сомун уурдап кетишкен күнү ал мечитте болгон эмес.

«Окуя болгон күнү мен мечитте болгон эмесмин. Акча уурдалган күнү эртеси ал жигит мага келип, "видеокөзөмөлгө тартылган тасмаларды көрсөтөсүзбү, ушундай көп акчам уурдалды" деп суранып калды. Биз видеокөзөмөлгө тартылган тасмаларды көрсөтүп бердик. Анын акчасын мечиттин дааратканасынан уурдап кетиптир. Жабырлануучу курткасын ошол даараткананын ичиндеги илгичке илип коюп, даарат алып жаткан учурда уурдаган.

Негизи 2014-жылдын 1-февралынан бери биздин мечитте уурулук боло элек болчу. Ушул 4 жыл ичинде бир дагы буюм же акча жоголбой, уурулар келбей калган эле. Эми минтип 3-февралда жана 10-февралда эки уурулук фактылары катталды. Биринчиси ушул окуя болсо, экинчисинде дагы бир адамдын 10 миӊ сомдук чөнтөк телефонун, 1500 сомун жана өздүк документтерин уурдап кетишкен. Ушул экинчисинде уурдаган киши — кароолчу видеокөзөмөлгө түшүп калган», - деди ал.

И.Мамаев мындан 4 жыл мурун ушул мечитте 4800 жана 3800 доллар акча уурдалганын жана мындай көп суммадагы каражат уурдоо боюнча онго жакын окуя болгонун кошумчалады.

«Мындан 4 жыл мурун тактап айтканда, 2013-жылдын декабрь айында, 2014-жылдын январында ондон ашуун уурулук фактылары катталган. Ушул мезгилде 4800 доллар, 3800 доллар, 75 миӊ, 35 миӊ жана 20 миӊ сом акча уурдоолор болгон. Мындан улам, мен өзүм 40 күн мечитти кайтарып, "Баалуу буюмдарга, акча каражаттарга сак болгула" деген эскертүү тактамасын илип, мечитке келгендерге микрофон аркылуу күнүгө айтып, эскертип турчу элек. Ошентип уурулук окуялары болбой калган. Ушул акыркы 2 ай мурун мечитке видеокөзөмөл орнотуп, бирок микрофон аркылуу эскертүү айтпай калган элек. Кайра уурулук башталып кетти. Ошол микрофондон айтып туруш керек экен. Эми кайрадан бул жаатта иштерди жасайбыз», - деди ал.

Эскертүү: Бул тасма социалдык тармактан алынды

Алдын ала маалыматтарга караганда, акчасын уурдаткан киши 3-февраль күнү аталган мечиттин жанында жайгашкан автобазардан унаа сатып алмак.

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы мечиттен 33 жаштагы эркек кишинин 190 миң сомун уурдап кетишкен.

Маалым болгондой, 7-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган эркек киши кайрылып, 3-февраль күнү Военно-Антоновка айылында жайгашкан мечиттин ичинен анын курткасынын чөнтөгүнөн 190 миӊ сом акча уурдалганы жөнүндө билдирген.

Бул окуя боюнча Сокулук РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

-----------------------------------------------
Акимдин кубогунда оор жаракат алган көк бөрүчү: Үзөңгүгө буту илинген Робертти ат бир топ жерге чейин сүйрөгөн (фото)

Чүй облусунун Сокулук районунда өткөн көк бөрү боюнча акимдин кубогунда оор жаракат алган спортчуга акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Токтобүбү Ракимбаева билдирди.

«Окуя 25-январда болгон. Жабырлануучу, Гавриловка айылынын 29 жаштагы тургуну Мунарбек уулу Роберт абдан жакшы оюн көрсөтүп жаткан. Ал казандын үстүнөн ат менен секирип, улакты таштагандан кийин аны ат сүйрөп кетти. Спортчу бир топ жерге чейин сүйрөлүп барып, бут кийими чечилип аттан бошонгон болчу. Биз оюндун алдында тез жардам кызматын чакырып койгонбуз. Дароо тез жардам кызматы менен ооруканага алып барып, дарыгерлерге көрсөттүк. Андан соӊ Бишкек шаарындагы ооруканага алып кетишти. Ал жердеги ооруканадан 3-4 күндөн кийин эсине келди. Биз күнүгө маалымат алып турдук. Ата-энеси, келинчегине да жолуктук. Алар да «уулубуз абдан кыйын улакчы, эми кырсак экен, сабыр кылып туралы» дешти. Бул баланын 3 кызы бар. Биздин аким 10 миӊ сом бөлүп берди. Учурда спортчунун абалы жакшы болуп келе жатат», - деди ал.

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Медербек Чынарбековдун айтымында, жаракат алган спортчуга 20 миң сом берилет.

Жабырлануучунун жубайы Айнура жолдошу Сокулуктагы эӊ мыкты жана күчтүү оюнчулардын бири экендигин айтты.

«Жолдошум көзүн ачты, бирок эсине келе элек. Бир аз жылыш бар. Күндөн күнгө оӊолуп келе жатат. Кудайым жардам берсе, жакшы болуп кетет. Жолдошум казанга улакты таштап, аны аты менен чогуу аттап секиргенде, аттын буту казанга илинип, экөө тең жерге жыгылышкан. Бирок жолдошумдун бир буту үзөңгүгө илинип калып, ат Робертти бир топ жерге чейин сүйрөп кетиптир. Аны сүрөп бара жаткан атты токтотобуз деген оюнчулар кокусунан жолдошумду тебелеп да кетиптир. Кудай сактады. Роберт Сокулуктагы эӊ мыкты жана күчтүү оюнчулардын бири. Көк бөрү оюнун ушунчалык жан дили менен берилип ойнойт», - деди ал.

Спортчу Мунарбек уулу Роберт 1989-жылы Сокулук районунда төрөлгөн.

Буга чейин Turmush басылмасы Сокулук районунун Гавриловка жана Төш-Булак айылдарынын көк бөрүчүлөрүнүн мелдешинде 28 жаштагы спортчу оор жаракат алгандыгын маалымдаган.

-----------------------------------------------

Уулум казак эмес, - Казакстанда камалган кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулунун атасы (видео, фото)

Казакстанда аткезчиликке айыпталып камакка алынган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун жарандыгы тууралуу атасы Turmush басылмасынын кабарчысына комментарий берди. Ата-эне уулунан кабар ала электигин, анын кармалганын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу укканын айтышты.

«Мен саясатка аралашпаган, катардагы кара жумушчумун. Ата-энемди багайын деп 16 жашымда иштеп баштадым. 45 жыл кара жумушта иштедим. Жубайым да мектепти гана аяктаган, учурда ооруйт. Биз 5 балалуу: жалгыз уул, 4 кыздуу болдук. Уулумду чоң энеси тарбиялаган. Ысымын да ошолор койгон.

Уулум (Дамирбек Асылбек улуу) 8-классты окуп жатканда борбордон машыктыруучулар келип, "шыгы бар экен, спортчу кылалы, бизге бергиле" деп сурап алышты. Уулум машыгып, кечкисин билим алды. Андан кийин аскерге барып келди. Спортчу болуп, кыргыздын желегин желбиреткенде кубанып келгем.

Уулумду кармалды деп калышты. Аны сыналгыдан уктук. Кармалганы кабар ала элекпиз. Апасы ооруйт, менин да кан басымым жогору, дарыланып турам. Карындашынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Аны (уулун) соода кылган дешти. Бизде эч ким соода-сатык кылбайт», - деди Асылбек Супатаев.

Ал уулу Казакстандын жараны деп айтылган маалыматтар жалган экенин белгиледи.

«Мен кыргызмын, уулум Кыргызстанда туулган. Караколдогу кичи райондо чоңойду. Кантип казак жараны болот?... Спорт менен башка мамлекеттерге баргандыр, бирок барган мамлекеттин жараны болуп калбайт», - деп кошумчалады ал.

Окуя тууралуу:

Казакстанда камакка алынган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экенин расмий органдар маалымдаган. Бул маалыматты «Казинформ» басылмасы Казакстандын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаевге шилтеме берип жарыялады.

Дамирбек Асылбек уулу


ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу

«Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин камакка алынган депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусундагы Кордай районунда туулган, улуту боюнча казак. Жашы жеткенден кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Казакстандын жараны тууралуу паспорт алган», - деди Алмас Садубаев.

Анын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу 2010-жылы паспортунун жарактуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кайрадан Казакстандын жараны тууралуу өздүгүн аныктаган документ алган.

«Тиешелүү органдарга Казакстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу кайрылган эмес. Учурда бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат», - деп кошумчалады А.Садубаев.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланган. Ошондой эле, ал Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти.

-----------------------------------------------------------------

Депутаттын кармалышы

Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы Дамирбек Асылбек уулу жана башка адамдар аткезчиликке байланыштуу кармалган операция учурдагы видеотасманы жарыялаган.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 15-16-февраль күндөрү Улуттук коопсуздук жана улуттук бюро комитетинин көзөмөл органы бажы тармагындагы коррупцияны, ошондой эле өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуулукту токтотуу максатында Алмата, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алмата шаарында чоң масштабдуу операция жүргүздү.

«Казинформ» маалымат агенттигинин акыркы маалыматы боюнча, Кыргызстандын камактагы 3 жараны Алмата шаардык сотунун санкциясы менен эки айга камакка алынды.

Шаардык соттун маалыматына караганда, алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин 3-бөлүгү (мамлекеттик милдет аткарып жаткан ыйгарым укуктуу кызматкерлердин Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар же башка предметтерди ташуусу) жана 264-берененин 2-бөлүгү ( улуттар аралык уюшкан топко же улуттар аралык кылмыштуу топко катышуу) боюнча айыпталып жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин баш тартуусу

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен аткезчиликке айыпталып камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун жарандыгы тууралуу нота келген. АКИпресс агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, анда кыргыз депутаты Казакстандын жараны экени маалымдалган. Бирок Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев АКИпресс агенттигине бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу кайрылбаганын маалымдаган.

-----------------------------------------------

Сүйүнчү! 35 жаштагы Гүлбарчын 3 эм төрөп, 8 баланын энеси болду (фото)

Кара-Балта шаарынын 35 жаштагы тургуну Гүлбарчын Карим кызы ушул жылдын 2-апрелинде үч эмдүү болду. Алардын экөө эркек, бири кыз. Ал жолдошу менен бирге жаңы төрөлгөн ымыркайларына Айша, Исмаил жана Исхак деген ысымдарды ыйгарган. Гүлбарчын менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, биринчи 2 кг 135 грамм салмак менен кыз, андан соң 2 кг 40 грамм жана 1 кг 940 грамм салмак менен эркек балдар операция жолу менен Бишкектен төрүлүшкөн. Гүлжан бул ымыркайлары менен үйүнө 40 күндөн кийин барды. Ага чейин үч эм дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, Жайыл райондук аймактык ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө жатышкан.

«Төрөй турган күнүмө бир нече жума жетпей калдым. 1-апрелде суу кетип, өзүмдүн гинекологума чалдым. Ал дароо эле төрөтканага баруу керектигин айтты. 2-апрелде мага операция жасалып, төрөт жакшы өттү. Экинчи балам саргылт болгондуктан, бизди ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө которушту. Ал жерде бир айдан ашык убакыт жашап, кызым 900 грамм, ал эми балдарым 500-600 грамм салмак кошту», - деди ал.

Үч эмге чейин Гүлбарчын Карим кызы 5 баланын энеси болгон.

Гүлбарчын Карим кызы ден соолугуна байланыштуу кош бойлуулукту токтотуу ниети менен дарыгерге барган. Бирок дарыгер 8 айлык боюнда бар Карим кызын атайын тизмеге алып, ультра үндүү текшерүүгө (УЗИ) жөнөткөн. Текшерүүдөн кийин 3 эмдүү болорун билген Гүлбарчын жолдошу жана өзүнүн дарыгери менен сүйлөшүп, боюнан алдыруу чечиминен баш тарткан.

«Эгиздер жолдошум тарапта болгон. Анын Жалал-Абадда жашаган тууганы үч жолу эгиздерди төрөгөн. Мындан тышкары, кош бойлуу келинибиздин да балдары эгиз деп жатышат. Ал эми тукумубузда биринчи жолу 3 эм төрөлдү», - деди Гүлбарчын.

Гүлбарчындын гинеколог-дарыгери Гүлмира Орозолиева Кара-Балта шаарында мындай көрүнүш чанда гана кездешерин билдирди.

«Кудайдын сүйүктүү адамдары 3 эм төрөшөт деп айтышат. Мындай көрүнүш Кара-Балта шаарында чанда гана кездешет. Ал эми бизде эгиз төрөгөндөр аз эмес. Өткөн жылы менин тизмемдеги 8 аял эгиз төрөгөн.

Гүлбарчындан тышкары мындан 15 жыл мурун дагы бир келин 3 эм төрөгөн. Гүлбарчын башка мамилени талап кылган өзгөчө бейтап болду. Себеби, бир эле баланы көтөрүп жүрүү оор. А, бул жерде бир жатында дароо бир нече эмбриондор өсүп жетилишет. Ошондуктан бул учурда кош бойлуу аял өзүн дайыма карап, кыймылдап, туура тамактанып, өз учурунда дарыгерге кайрылып турушу зарыл. Гүлбарчын дарыгердин бардык айткандарын аткарды. Кош бойлуу учурунда гинекология бөлүмүнө бойдон түшүп калуу коркунучу менен 10 күн жатып чыкты», - деди ал.

35 жаштагы Гүлбарчын жолдошу Бексултан менен 2003-жылы Бишкек шаарында таанышкан. Жубайлардын экөө тең Жала-Абад облусунан болушат. Гүлбарчын борбор калаага окуу жайга тапшыруу үчүн келгенде Бексултан шаардагы медресени аяктап жаткан. Алар биринчи жолу туугандарынын үйүндө жолугушкан болчу. Жаш жигит Гүлбарчындын жездеси менен дос болгон. Экөө таанышып, жолугушуп жүргөндөн кийин Бексултан турмуш куруу сунушун киргизип, 2004-жылдын башында баш кошуп, ушул эле жылдын аягында балалуу болушкан.

Жубайлар алгач Бишкек шаарында жашап, балалуу болгондон кийин Сокулук районуна көчүп барышкан. Ал эми 2011-жылдан баштап Кара-Балта шаарында жашап жатышат.

-----------------------------------------------
Эки ай мурун күйөөсүнөн ажыраган Н.Мамбеталиева Саниянын балдарына мыйзамдуу багуучу болду

Жол-транспорт кырсыгынан каза болгон Сания Шакированын 3 баласына маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева мыйзамдуу багуучу болду.

Анын айтымында, эң кичүү небереси 3-класста окуп жатат.

«Бул неберем түнт болуп кеткендиктен психологдордон кеңеш алдык. Жада калса аны молдого алып бардык. Азырынча эч кандай жыйынтык боло элек. Чоң стресске кабылды. Себеби, дайыма апасынын жанында жүрүп, аны өзгөчө жакшы көрчү. Ал жакынынан айрылганын кабыл ала албай жатат. Эки ай мурун күйөөм дагы каза болуп, бул окуя да балдарга чоң таасир берди. Алар бир күнү мен дагы жок болуп калсам, балдар үйүнө барып калабыз деп кабатырланып жатышат», - деди маркумдун апасы.

Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Насипа Мамбеталиевадан кабар алып, Саниянын балдары — Алия, Камиля, Ринат менен учурашып келген. Алар учурда Кара-Балтадагы №1 мектепте окушат. Алия экономист, Камиля дарыгер, Ринат мушкер болом деп кыялданышат.

----------------------------------------------------------------

31 жаштагы Сания Шакирова 2018-жылдын 28-мартынан 4-апрелине чейин Вьетнамдын Нячанг шаарындагы өткөн «Miss Universe Beauty» эл аралык сынагында «Missis World 2018» («Дүйнөнүн сулуу айымы-2018») наамын жеңип алган. Коомчулукту кубандырган кабар элдин катмарына толук сиңе электе каргашалуу окуяга айланган. Тактап айтканда, 2-июнда саат 21:30 чамасында Балыкчы—АнаньевКаракол жолундагы жол кырсыгынан дүйнө сулуусу каза тапкан.

----------------------------------------------------------------

Саниянын чыныгы фамилиясы — Мамбеталиева. Бирок ал кичинекей кезинен бери багып өстүргөн өгөй атасы Шакиржан Аманкуловдун урматына анын ысымын алган.

472231.e705f02e4e07b378497f43e442fa868d

----------------------------------------------------------------

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк жол кырсыгынан каза болгон Сания Шакированын өлүмү боюнча айыпталып, эркинен ажыратылган Чыңгыз Кондубаевдин жактоочусу биринчи инстанциядагы соттун өкүмү менен макул эместигин айткан. Ал 10 жылга эркинен ажыратылып, материалдык жана моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирилген болчу.

Ысык-Көл облустук соту бул ишти биринчи жолу 11-декабрда караган. Ага маркум Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева келген. Биринчи күндүн жыйынтыгында сот отуруму башка күнгө жылдырылган.

-----------------------------------------------
Бурулайдын өлүмү: Сот М.Бөдөшевди 20 жылга эркинен ажыратты (видео)

11-декабрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Жайыл РИИБдин имаратында өлтүрүлгөн Бурулайдын өлүмү боюнча соттук иш улантылды.

Судья Санжар Чотонов кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, айыпталуучу Марсбек Бөдөшевди жана Акмат Сеитовду күнөөлүү деп тапты.

М.Бөдөшев 20 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды. А.Сеитов 7 жылга камалды.

М.Бөдөшевден жабырлануучу тарапка 300 миң сом, ал эми материалдык зыян үчүн 500 миң сом төлөтүп алынат.

Буга чейин милиция маалымдагандай, 19 жаштагы Бурулай ушул жылдын 27-майында ала качып бара жаткан жигит тарабынан Жайыл райондук милициянын имаратында бычакталып, өлтүрүлгөн. Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу каза болгон. Андан кийин кызды бычактаган адам өзүнө да кол салып, ооруканага жеткирилген. Кийин абакка которулган болчу.

Шектүү делген Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголгон.

Окуя тууралуу

Ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулай 2018-жылдын 29-майында жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милициянын маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген.

РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон.

-----------------------------------------------

Фото — Сокулукта мектепти жарым кылым мурун бүткөн классташтар жолугушту

Чүй облусунун Сокулук районундагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясын мындан жарым кылым мурун аяктап кеткен классташтар жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга классташтардын бири Галина Стутко билдирди.

Анын айтымында, алар аталган мектептин эӊ биринчи бүтүрүүчүлөрү болгон.

«Биз мектепти 1968-жылы аяктаганбыз. Ал убакта Жал орто мектеби деп аталчу. Ошол учурда канча окуучу болуп аяктаганыбыз эсимде жок. Бирок 7 классташ жыл сайын жолугушуп турабыз. Ал эми мектепте биринчи жолу жолугуп жатабыз. Бизди окуткан агай-эжейлерибиздин саны суюлуптур. Антсе да калгандарын чакырып, белектерибизди тапшырдык. Ал эми мектепке болсо Ала-Арча капчыгайы тартылган сүрөт бердик. Анткени, бала кезибизде ушул Ала-Арчага мугалимдерибиз менен бирге эс алууга чыкчубуз. Азыр да бул салтты калтырбай классташтар жылда бир жолу чогулуп, Ала-Арчага барып эс алып турабыз.

Ушул жолугушууга келген 7 классташ теӊ жогорку билимдүү. Үчөө эл агартуу тармагында, экөө соода-сатык тармагында эмгектенип келишкен. Азыр баарыбыз теӊ пенсионербиз. Жолугушууга күйөөлөрүбүз, балдарыбыз келген жок. Бирок унаа менен жеткирип коюшту», - деди ал.

-----------------------------------------------

«Караӊгы түндө кантип корккон жок?»: Ысык-Атада жүзгө жакын адам издеген 2 жаштагы кыз эртеӊ менен табылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылындагы дачада жашаган үй-бүлөнүн дайынсыз жоголгон 2 жаштагы кызы табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, 2 жаштагы кыз 9-августта кечке маал жоголуп, бүгүн, 10-августта саат 10:30 чамасында айылдагы суу аккан арыктын боюнда коркуп отурган жеринен табылган.

WhatsApp Image 2018-08-10 at 11.49.45

«Издөө иштерине айылдан 30 тургун, 35тей милиция кызматкерлери жана 35тей куткаруучулар тартылган болчу. Баарыбыз түнү менен издеп, такыр таппай койдук. Бүгүн, 10-августта болжол менен саат 10:30да ушул эле дачанын ичинен, суу аккан арыктын боюнан табылды. Буга чейин "Айылдын жанындагы суу сактагычка чөгүп кеттиби?" деген суроо пайда болгон. Анткени кыз жоголгон жер суу сактагычтан 150 метр жакын жайгашкан. Түнү менен жалгыз кантип отурганын билбейбиз», - деп билдиришти тургундар.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 10-август күнү Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы Дача-Лира тилкесинде А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат куткаруучуларга 102 кызматынан келип түшкөн. Издөө иш-чараларына саат 8:30да ӨКМдин Токмок шаардык №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Ысык-Ата райондук №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 31 куткаруучу жана ИИМден 25 кызматкер тартылган.

-----------------------------------------------

Видео: Оштон келген 14 жаштагы кикбоксчу рингде каза болду

Чүй облусунун Токмок шаарында 17-19-август күндөрү кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлүп жатканда Ош облусунан келген 14 жаштагы спортчу каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, каза болгон 14 жаштагы спортчу атаандашы менен рингге чыккан.

«Мелдеш Токмок шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөрүлүп жаткан. Болжол менен саат 11:30-12:00 чамасы болчу. Каза болгон бала токмоктук 14 жаштагы спортчу менен беттешке чыккан. Жаӊы башталганда экөө бири-бирине анча деле сокку урбай, ары-бери буйтап жатышкан. Аңгыча маркум бала артына бурулуп басып баратып, жерге жыгылды. Баарыбыз шок болуп карап калдык. Анткени ал жыгыла тургандай сокку болгон эмес.

Мектептин медициналык кызматкерлери бар. Ошолор дароо биринчи жардамды көрсөтүштү. Бала эсине келбегендиктен тез жардам чакырышты. Бирок эмнегедир тез жардам кызматы келген жок, анан ооруканага өздөрү алып кетишти», - дешти алар.

Ал эми Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Кубан Идиновдун айтуусунда, каза болгон өспүрүмдүн башында буга чейин эле кан шишик болгону аныкталды.

«Бул эл аралык мелдешке бардык облустан спортчулар келип катышып жатышкан. Баары өз нугу жана тартиби менен өтүп жаткан. Ал эми каза болуп калган баланын башында эски шишиги (гематома) бар экен. Экспертиза ушундай жыйынтык чыгарды. Ал мелдеште 15 секунд боксташкандан кийин басып баратып эле жыгылды. 57 салмактагы өзү курактуу спортчу менен беттешке чыккан эле. Дароо мелдешти токтоттук.

Окуя болгондон кийин туугандарына кабарлап, атасы эртеси ооруканадан алып кетти. Ал киши баарын түшүнүп, эч кандай доосу жок экенин билдирди», - деди Кубан Идинов.

Ал эми Чүй ОИИБ аталган факты болгонун тастыктап, учурда иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

«19-августта болжол менен саат 12:45 чамасында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан 14 жаштагы М.А. аттуу өспүрүм эсине келбей каза болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн. Бул факты боюнча тергөө тобу барганда кикбоксинг боюнча мелдеште Ош облусунан келген 14 жаштагы спортчу өзүнүн каршылашынан 1-раундда жеген соккусунан улам эсин жоготкону белгилүү болгон. Ага алгач мектептин медициналык кызматкерлери тарабынан биринчи жардам көрсөтүлүп, андан соӊ аймактык ооруканага жеткирилген.

Ал ооруканаданэсине келбей каза болгон. Бул факты Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө китебине катталып, маркумга баардык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө» - деп айтылат маалыматта.

-----------------------------------------------

«Жокчулуктан мурунку күйөөмө таштагам»: 1,5 жаштагы баланын апасы табылып, окуянын чоо-жайын айтып берди

Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл аймагында көчөдө жалгыз жүргөн 1,5 жаштагы баланы жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине, алар ооруканага өткөрүп беришкен.


Аталган бала Чүй райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүндө болжол менен 10 күндөн бери жатат. Аны ушул күнгө чейин эч ким издеп келген эмес. Оорукананын директору Нурбек Саткыновдун айтымында, баланы аялдамага сары баштыктагы кийимдери менен таштап кетишкен.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 10-декабрында Чүй РИИБге Чүй районундагы аялдамалардын биринен кичинекей бала табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барышкан. Ошондой эле, Чүй РИИБдин өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын жана райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери барып, болжол менен 1,5 жаштагы кичинекей баланы табышкан.

Аталган факты Чүй РИИБге катталып, кийинки күнү милиция кызматкерлери бул окуянын чоо-жайын териштирүүгө чейин деп, баланы райондук аймактык ооруканага жеткиришкен. Чүй РИИБдин өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен болгон иликтөөдө баланын апасы Ысык-Ата районунун 23 жаштагы тургуну К.А. экени аныкталган. Ал милиция кызматкерлерине 29 жаштагы С.Ч. аттуу жигит менен 5 жылдай жарандык никеде жашагандыгын жана алардын ортосунда 3 баласы бар экендигин айткан. Ошондой эле, бул жарандык никедеги күйөөсү менен бир жылдан бери жашабай калгандыгын жана 2017-жылы жокчулуктун айынан баласын күйөөсүнө берүүнү чечкендигин кошумчалаган. Ушул жылдын 10-декабрында күйөөсүнүн үйүнө келип баласын таштап кеткен. Бирок баланын атасы аны тарбиялагасы келген эмес. Баланын атасынын туугандары да анын балдарын кабыл алгысы келген эмес. Ошол эле күнү наристенин чоң апасы аны айылдагы аялдамага таштап, милицияга кабар берген. Бирок өзү таштап кеткенин айткан эмес.

Учурда 1,5 жаштагы бала аймактык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми апасы азырынча эч кандай документ көрсөтө элек, наристени балдар үйүнө өткөрүү маселеси каралып жатат. Топтолгон материалдар жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын комиссиясына өткөрүлүп берилди.

Кийинчерээк 1,5 жаштагы баланын энеси уулун кайра өзүнө кайтарууну суранган болчу.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×