Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуКемин району 31.12.2018 14:02

Бейшеке айылында жазында жарылган суу түтүктөр оңдолду

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак айыл аймагынын Бейшеке айылында таза суу чыгарылды. Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, аталган айылда миңден ашуун адам жашайт.

«Бейшеке айылында жазында суу түтүктөр жарылып, айыл эли суусуз калган эле. Жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен айыл ичине 4 кудук орнотулуп, суу чыгарылды. Эми АРИС долбоору менен 2019-жылы ар бир үйгө таза суу киргизүү маселеси каралууда», - деп айтылат райадминистрациянын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×