Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуАламүдүн району 28.12.2018 10:46

Аламүдүндөгү жол кырсыктан аял киши каза болду

Turmush -  Аламүдүн районундагы жол кырсыктын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Өзгөчө кыдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя 27-декабрда саат 03:40 чамасында Кайырма айылынан Арчалы айылына баруучу унаа жолдо болгон.

«Гольф-3» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, денеси медициналык тез жардам кызматын көрсөтүү үчүн барган дарыгерлерге берилген.

Учурда бул окуяга байланыштуу тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×