Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 27.12.2018 16:31

Ысык-Атада 34 жаштагы аял күйөөсү чыгарган октон жарадар болду

Turmush -  Ысык-Ата районунда күйөөсү ок чыгарып, аялы ооруканага түштү. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 25-декабрында болжол менен саат 23:25 чамасында Ысык-Ата РИИБге райондук аймактык ооруканадан Ивановка айылынын 34 жаштагы Я.Н. аттуу тургуну октон жаракат алып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган аялдын күйөөсү, 35 жаштагы А.В. кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган түнү күйөөсү достору менен үйдө спирт ичимдигин ичип, мас абалында ок чыгарган. Натыйжада ал аялынын төшүнө тийген.

Бул факты Ысык-Ата РИИБдин кылмыш каттоо китебине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү адам 94-берене менен убактылуу кармоочу жайга камалды. Иликтөө иштери уланууда.

Ал эми Ысык-Ата райондук аймактык ооруканадан жабырлануучу бүгүн, 27-декабрда жандандыруу бөлүмүнөн жөнөкөй бөлмөгө которулганын билдиришти.

«Биздин ооруканага 26-декабрь түнү Ивановка айылынын 34 жаштагы тургуну Я.Н. аттуу аял киши оор абалда келип түштү. Анда мылтыктан атылган ок оӊ каптал ийинине тийген. Бүгүн аны бөлмөгө котордук», - деп билдиришти ооруканадан.

Айыл тургундарынын айтымында, жолдошу дайыма спирт ичимдигин ичет. Алардын үч баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×