Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусуАламүдүн району 27.12.2018 10:59

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 12 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 27-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги Өмүракунов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 100 чарчы метр шыбы, 100 чарчы метр полу жана үй эмеректери күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Чүйдөгү Аламүдүн районунун ГЭС-3 айылында турак үйдүн өрт чыкты. Өрт учурунда 170 чарчы метр чатыры, 70 чарчы метр шыбы, 50 чарчы метр дубалы, жумшак эмерек жана муздаткыч күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.58% (723)
«РСК Банк»
28.15% (387)
«Капитал Банк»
6.76% (93)
...
Всего голосов: 1375
×