Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 26.12.2018 12:39

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Камчыбек Эмилбековду кызматтан бошотуу маселеси каралат

Turmush -  Билим берүү жана илим министрлиги Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Камчыбек Эмилбековдун жаш курагына байланыштуу анын ээлеген кызматынан бошотуу боюнча райондук мамлекеттик администрациясына кат жолдошкон. Аким Таалайбек Корголдоев бул маселе жакынкы аралыктарда караларын билдирди.

Ал эми 66 жашка келген Камчыбек Эмилбеков: «Мен 66 жашка келдим. Туура, мыйзам бар. Мыйзам боюнча жаш курагы жеткен жетекчинин баары кетиши керек. Бул мыйзам мага эле иштеп, калгандары үчүн көз жаздымда калбашы керек. Бул мыйзамда сөзсүз түрдө жумуштан кетириш керек деген жери жок. Болбосо менден улуу адамдар деле жетекчи болуп иштеп жүрүшпөйбү. Мен өзүм бул орунга үч жолу келип-кеттим. Келбейм десем болбой алып келишкен. Бул жерден менин ордума кызыккандар болуп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×