Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуЖайыл району 26.12.2018 09:56

Айыл турмушу: Э.Дүйшембаеванын балалыкка болгон бир арзуусу (сүрөт)

Turmush -  33 жаштагы Эдина Дүйшембаева Чүй облусунун Жайыл районундагы Будёновка айылынын тургуну. Ал учурда Кара-Балта шаарындагы Т.Кожомбердиев атындагы балдар китепканасынын башчысы. Анын балалыкка болгон бир арзуусу жана жердин жандуу гүлдөрүнө руханий азык тартуулаган жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Атасы Нурадылбек «менин кызым», курбулары «эгиздер» дешип эркелеткен Эдина кыялкеч, айтканынан кайтпаган айым. Эжеси Паризат экөөнүн бойлору, кийген кийимдери, баскан-турганы, сүйлөгөнү окшош. Жаш жагынан айырмасы 1 жыл болгону менен айылдаштары, курбулары, классташтары «эгиздер» дешчү.

«Жыл сайын кызым Анисаны, уулум Рамзанды ээрчитип, жаңы жылдык балатыга келгенде балалыгым эске түшөт. Эжем Паризат экөөбүз окшош кийинип, эл аралай басканда көпчүлүк көңүлүн бизге бурганын билчүбүз. “Эгиз кыздар тура. Окшош экен” дешчү элдер. Бирок өң-келбетибиз анчалык окшош болбогону менен боюбуз, басканыбыз ушунчалык бирдей эле. Артыбыздан бизди айырмалай алышчу эмес. Ошентип, балалыгыбыз кош данектей коштолуп өттү. Мен атама көп эркелечүмүн. Ал “менин кызым” деп, жетине албай кетүүчү. Чындыгын айтканда тентек элем. Мышыгымдын аты Мурка, күчүгүм Линор, козум Маша эле. Ушуларды ээрчитип алып ойночумун. Үйдөгүлөр урушканына карабай мышыгымды көтөрүп, кээде кучактап уктап калган күндөрүм да болгон. Кийин бой жете баштаганда уялдым окшойт, ойнобой калдым. Баса, эжем экөөбүздүн студенттик күндөрүбүз да бирге өттү. “Эгиздер” атыбыз ал жерде да коштоп жүрдү. Биз ага сыймыктанчубуз. Менин боюм 170 см болсо, эжемдики 171 см эле. Бут кийимден баштап баары окшош эле. Адашып бири-бирибиздин кийимдерибизди кийген күндөр көп эле болду. Эжем Паризат – финансист. Мен да жогорку билимдүүмүн. Өз алдыбызча түтүн булатып жашап келебиз», - деди ал.

Балалык – өмүр башаты. Ар бир адам негедир ошол күндөрүн көп эскерет. Эдина да каткырып күлүп алып, «эстесем уялам» деп ал күндөрүнөн кеп козгойт.

«Эжем экөөбүз жашынмак ойногон күндөр түк эсимден кетпейт. Бир жолу ойноп жатканда терезени сындырып коюп, анан экөөбүз атамдан жашынганбыз. Коркконбуз. Эми урушат дегенбиз. Бирок биз күткөндөй болгон жок. Атам жумуштан келип, “этият болгула, кыздарым. Айнек колуңарды кесип кетпесин” деп, кайрадан оңдоп койгон. Эми ойлосом ошол сөз эле жетиштүү тура. “Колуңарды кесип кетет” дегени көп маанини түшүндүрөт тура. Кайра бизди аяганы эле жетиштүү болгон. Ошондо атама болгон берилүү эки эсе арткан», - деди.

Балдар китепканасын аралай басып, түрдүү жанрдагы, көп тилдеги чыгармаларды эркин окуп, айрымдарын кыргыз тилине да которо коёт.

«Толук өздөштүрө албасам да япон, түрк, немис тилдерине “тишим” өтөт. Ал эми орус тилин жакшы өздөштүргөм. Грамматикалык, синтаксистик сөз айкаштарын, тил кубулуштарын билем. Бул багытта окугам. Тарых булактарынан сабак алгам. Балдарга ушуларды үйрөтсөм деген тилегим бар», - деген Эдина кышында кар аралай басканды сүйөт. Бир акындын:

Кылычын кармап кыш келди дейбиз,
Кыйнаган мезгил туш келди дейбиз.
Түйшүктүү суугун түмөн сөз кылып,
Болбогон жерден убайым жейбиз.
А эмне, кышты биз көрбөдүк беле,
А кышка деле көнбөдүк беле.
Чилдесин сезип, жон тери менен,
Тоготпой жашап келбедик беле, - деген саптарына оптимисттик көз карашын, жашоо мыйзамын бөлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×