Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуКемин району 25.12.2018 14:19 На русском

Балатыга барып каза тапкан окуучунун апасы эмгек мигрант болсо, атасы 2 жыл мурун көз жумган

Turmush -  Кечээ, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Көк-Ойрок айыл аймагынын Тегирменти айылындагы мектепте 11-класста окуган окуучу Чоӊ-Кемин суусуна агып каза болду. Ал классташтары менен бирге мектепке балаты алып келгени кетишкен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын тургундары билдиришти.

Тегирменти айылындагы мектеп директору Нургүл Ашыралиеванын айтымында, мектепке балатыны алып келүү кароолчу менен дене тарбия мугалимине милдеттендирилген.

«Орто окуган окуучу болчу. Бирок коомдук иштерге активдүү катышкан бала эле. Апасы Түркияда иштейт, атасы эки жыл мурун каза болуп калган. Ортончу байкесинин аялы болуп чогуу жашачу. Негизи биз мугалимдер мектепке балаты кыйып келгиле деп балдарды жибербейбиз. Дене тарбия сабагын окуткан мугалимди жана кароолчуну жибергенбиз. Дене тарбия мугалиминин эжеси каза болуп калып, барбай калды. Негизи балатыны 22-23-декабрда алып келгиле деп буйрук чыгаргам. Ошентип кароолчу кечээ, 24-декабрда сабактан кийин бармак болгон. 11-класстын балдары "өзүбүз барып, балаты тандайбыз" деп ээрчишиптир. Кароолчу уюштуруучуларга "балдарга барганга болбойт" деп айтыптыр. Бирок балдар "өзүбүз жооп беребиз, өз ыктыярыбыз менен барабыз" деп болбой ээрчип алышкан экен. Балатыга барып, кайра келе жатканда аталган окуучунун аты үркүп, бала сууга агып кеткен. Мен бул учурда шаарга ооруканага кеткен элем. Ал жактан телефон тартпай, балдар бирөөлөрдөн айылдын элине айттырып жиберишкен экен. Элдер барып издешиптир. Денеси кулаган жерден 500 метр алыстан табылды деп айтышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×