Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Чүй облусуАламүдүн району 25.12.2018 09:52 На русском

Өзгөчө ысымдар: 11 жаштагы Буйдарымсулууга чоң атасы жомоктогу каармандын атын ыйгарган (сүрөт)

Turmush -  «Өзгөчө ысымдар» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүйдөгү Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн Арчалы айылынын 11 жаштагы тургуну Буйдарымсулуу Алмазбекова. Анын апасы Айзада Зайнидинова кызы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Айзада Зайнидинова: «Кызымдын атын чоң атасы (кайнатам) койгон. Кайнатамдын чоң энеси ага жомок айтып бериптир. Ал жомок Буйдарымсулуу деген кыз жөнүндө экен. Кайнатам ошол жомоктогу кыздын атын небересине ыйгарган. Жомоктогу Буйдарымсулуу кичинекей кезинде тентек болчу экен. Анын үч агасы болуптур. Карапайым үй-бүлөдө жашашчу экен. Кийинчерээк ал чоңоюп, агалары үйлөнчү куракка келип калганда байлар "ким эр сайыш, жаа атыш сыяктуу оюндан утса, кызымды берем" дешкен экен. Буйдарымсулуу чачын түйүп, эркекче кийинип, агаларынын ордуна эр сайышка түшүп, жаа атып жеңишке жетиптир. Ошентип байдын кыздарын агаларына жубайлыкка алып бериптир. Кызымдын чоң атасы "неберем да бир туугандарын коргогон мыкты кыздардан болсун" деп, аталган ысымды коюптур.

Кызым да кичинекейинен бери тентек, шок, эркек мүнөз, эч нерседен тайманбаган кыз. Анын атын биринчи уккандар "кандай, кайра айтсаң, муну кайдан тапкансыңар, ким койгон?" деп сурай беришет. Чындыгында абдан таң калышкан. Классташтарынын тилдери келбей, кагазга жазып алып жатташкан. Ыраматылык кайненем дагы кагазга жазып жаттаган. Бирок жаттаганда адашып, кээде Буудайсулуу деп алчу. Өзү "Кыргызстанда менин атым бирөө эле" деп сүйүнүп калат. Биз кызымдын атын кыскартып Бакуля деп айтабыз. Ал атын толук айтуубузду суранат», - деди.

Айзада айым жаңы көз жарганда апасын кызынын аты менен таң калтырганын унутпайт.

«Төрөт үйүндө жатсам өзүмдүн апам телефон чалып куттуктап, кызымдын атын сурап калды. Ал Буйдарымсулууну Уйдарымсулуу деп угуп алыптыр. "Ушундай да ат бар бекен, эркек төрөсөң Букабек койгула" деп боорду эзген эле», - деди.

Учурда Буйдарымсул генерал С.Самсалиев атындагы Жогорку-Ала-Арча орто мектебинде 5-класста окуйт. Ал ырга жана бийге абдан кызыгат. Ошондой эле китеп окуганды абдан жакшы көрөт. Келечекте дарыгер болгусу келет.

Ал 5 бир туугандын улуусу, бир сиңдиси жана үч иниси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
33.77% (129)
«Бакай Банк»
29.84% (114)
«Банк Компаньон»
13.09% (50)
...
Всего голосов: 382
×