Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусуЧүй району 21.12.2018 23:33 Жаңыланды: 22.12.2018 10:29 На русском

«Баламды мага кайра бергиле», - аялдамага ташталган 1,5 жаштагы баланын энеси

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл аймагында баштыкка салынган кийимдери менен таштап кетишкен 1,5 жаштагы баланын энеси уулун кайра өзүнө кайтарууну суранууда.

Баланын апасынын жашоо шарты менен Ысык-Ата райондук социалдык кызматкерлер таанышып келишкен.

«Биздин социалдык кызматкерлер баланын апасы жашаган үйдүн шарты менен таанышып келишти. Ал Ысык-Ата районунун Хунчи айылында жашайт экен. Өзүнүн 2 кыз, 1 уулу бар. Бир кызы Кара-Балтадагы сиӊдисинин үйүндө жашайт экен. Ата-энеси бар. Үй-бүлө анча деле жаман эмес, орто жашайт. Апасы "бала мага керек, мен минтип көчөгө таштабайм, мен иштейин деп убактылуу кайын журтума таштагам. Эми балдар үйүнөн кайра мага өткөрүп бергиле" деп суранууда. Бүгүн ал Бишкек шаарына уулунун төрөлгөндүгү боюнча күбөлүгүн жасатканы кетиптир», - деп билдиришти алар.

Ал эми Чүй райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү билдирген маалымат боюнча, баланын ата-энеси ажырашып кеткен.

«Алар бизге үйлөнгөнү боюнча дагы, балдардын төрөлүшү боюнча дагы эч кандай документ көрсөтүшкөн жок. Атасы башында менин балам эмес деп танып жаткан. Кийин менин балам деп мойнуна алды. Баланы таштап кеткен күнү эле биз ата-энесин издеп, түнү менен кимдер экенин тапканбыз. Бирок баланын медициналык маалым катын жоготуп алган экен. Аны болсо райондордон сурап жана башка иш кагаздарын тактап, бүгүн баланын документин алды. Бирок аны балдар үйүнө берүү боюнча буйрук чыгып калган. Он күнгө чейин оорукана карап турганга милдеттүү. Биз мыйзам чегинде өз иш аракеттерибизди жасап жатабыз. Бул окуя боюнча бардык жагдай тастыкталып, юридикалык баа берилмейин убактылуу жайгаштырдык. Убактылуу дегеним 6 айга чейин. Ага чейин бир жумадабы, бир айдабы, баары толук чечилсе, биз комиссия түзүп карайбыз», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×