Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Чүй облусуЖайыл району 21.12.2018 13:47

Милиционер сүзүп кеткен жигит каза болгон жол кырсык боюнча иш козголду

Turmush -  Жайыл районунда милиция кызматкери катышкан жол кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-декабрда саат 00:10 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде жол-транспорт кырсыгы катталганы боюнча маалымат түшкөн.

Жол кырсык болгон жерге тергөө-оперативдүү тобу барган. Болжолдуу маалыматка караганда, 15-декабрда саат 23:30 чамасында «Мерседес-Бенц» унаасынын 27 жаштагы айдоочусу К.Н., башкаруусун жоготуп, «Ниссан-Цефиро» унаасы менен сүзүшүп, анын жанындагы 3 адамды сүзүп кеткен.

Натыйжада алардын бири 27 жаштагы А.Н., алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон, калгандары ооруканага жеткирилген. Айдоочу унаасын ошол жерге таштап, өзү РИИБге бет алган.

Аталган факт каттоого алынып, унаалар айып жайга киргизилген. Кийинчерээк күнөөкөр айдоочу ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Жайыл районундагы кызматкери экени такталган. Кээ бир маалыматтарга караганда, ал мас абалында болгон.

Чогултулган материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон жигиттин атасы арыз жазып, жол кырсыкка күнөөлүү делген жаранды жазага тартууну өтүнгөн. Кармалган К.Н., убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 1 айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин жол кырсыктын кесепетинен каза болгон Кара-Балта шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Нурлан Акылбековдун атасы окуянын чоо-жайын айтып берип, жол кырсыктын күнөөкөрүн жазага тартууну өтүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×