Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуЖайыл району 21.12.2018 10:27 На русском

ИИМдин күзөт кызматкери мас абалда сүзүп кеткен эки жигиттин бири каза болду. Окуянын чоо-жайы (фото, видео)

Turmush -  Жайыл районунда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын кызматкери мас абалында жол кырсыкка кабылып, анын кесепетинен бир адам каза болду.

Маалым болгондой, 15-декабрдан 16-декабрга караган түнү Кара-Балта—Степное жолунда эки жигитти унаа сүзүп кеткен, бири ошол жерде каза болгон.

Каза блгон жигиттин бир туугандары маалымдагандай, эки жигитти сүзүп кеткен айдоочу милиционердин формасында болгон, ал окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен Кара-Балта шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Нурлан Акылбеков каза болгон.

«Бул күнү 3 жигит — Нурлан, анын жакын досу Айбек жана дагы бир жигит болуп Айбектин Кара-Балта шаарындагы үйүндө отурушкан. Андан кийин алар Айбектин эжесин Большевик айылына жеткиришкен. Кайра келе жатып, жигиттердин бири БЧКдан бир киши сууга секиргенин көргөндөй болгонун айткан. Алар жардам берүүгө шашып чыгышкан. Анткени алар кимдин бирөө өз жанын кыюуга аракет кылып жатат деп ойлошкон. Алар унаасын токтотуп, канал тарапты көздөй барышат. Каналды 10 мүнөттөй карап, эч ким жок экенин көрүшкөндөн кийин кайра унаа тарапка басышкан.

Бул убакта Степное айылы тараптан бир унаа, анын бет маңдайында «Мерседес» унаасы келе жаткан. Ал жолдун ортосунда келе жаткандыктан жана карама-каршы тилкедеги унаа менен сүзүшпөш үчүн оң тарап менен айдап, жолдун четине чыккан. Ал учурда Нурлан жана анын достору унаага отуруп жатышкан. Нурлан эшикти ача электе эле аны жана Айбекти «Мерседес» унаасы сүзүп, 30 метрдей сүйрөп кеткен. 50 метрдей өтүп барып, «Мерседес» токтогон. Ал унаадан милициялык формачан айдоочу чыккан, ал жигиттердин жабыркаганын көрүп, окуя болгон жерден дароо кетип калган. Нурландын колу, бели сынып, башынан жараат алган жана ал окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле, Айбек оор жараат алган.

Кийинчерээк сүзүп кеткен унаанын айдоочусу жарандык кийим кийип, милицияга күнөөсүн мойнуна алып келгенин билдик», - дейт каза болгон жигиттин атасы Акылбек Чотуралиев.

Милицияга ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Жайыл районундагы кызматкери — 1991-жылы туулган Н.К., келген.

Каза болгон Нурландын бир туугандарынын маалыматына караганда, кармалган жаран Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайында отурат. Ал соттун чечими менен 1 айга камакка алынган.

«Шектүү жаран мас абалда болгон. Анын унаасын текшерүү учурунда дагы арактын бөтөлкөсү табылган. Бизде иш жабылып калбайбы деген суро жаралып жатат. Анткени ал милиция кызматкери. Материалда айдоочу окуя болгон жерден качып кетпегендиги көрсөтүлбөгөнүнө күбө болдук», - дешти алар.

Каза болгон Нурландын 2-7 жаштардагы эки уулу жана 1,3 жаштагы кызы калды. Ал уюлдук байланыш компаниясында оператор болуп иштечү, эмгекти сүйгөн адам болгон. Ал ата-энесинин жалгыз уулу болчу.

Чүй ОИИБдин ЖКККБнын басма сөз кызматы аталган факт орун алганын тастыктап, саат 23:30 чамасында ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Жайыл рйонундагы кызматкери башкарып бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы жолдун четинде турган «Ниссан Сефиро» унаасын сүзүп алганын, анын кесепетинен «Ниссан» унаасынын жүргүнчүсү 1991-жылы туулган А.Нурлан каза болгонун билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×