Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуПанфилов району 20.12.2018 14:41

Панфиловдо билим сапаты эң артта калган, - Чүй облусунун башчысы Т.Абдраимов (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 19-декабрда Панфилов раймамадминистрациясында КРдин өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Абдраимов билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган жетекчисин жамаатка тааныштырды. Ага мектеп директорлору, айыл өкмөтүнүн башчылары, социалдык түзүмдөрдүн жетекчилери катышышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы таанышты.

«Билим сапатынын көрсөткүчүн анализдегенде облустагы эң артта калган райондордун бири – Панфилов району. Бүгүн КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына келген Ашыкеев Бактияр Табылдиевичти тааныштырып отурам. Ал комиссиянын чечими менен билим берүүнүн башчылыгына бекитилди. Мен ачык айтам. Кадр маселесин чоң саясатка айландырып, трайбализм, жердешчиликти токтотуу зарыл. Өзгөчө, билим сапатын көтөрүү, татыктуу тарбиялоо маселесине көңүл бөлөлү», - деди облус жетекчиси.

Мындан сырткары коомчулуктун көйгөйүнө айланган түрдүү жагдайлардагы суроо-талаптарга жооп берип жатып: «Бишкекте жашап, Панфилов районуна каттап иштеген айрым жетекчилердин ишмердүүлүгүн кароо керек», - деп баса белгилеп, райондун акими М.Райымкуловго тийиштүү тапшырмаларды берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×