Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуЧүй району 20.12.2018 12:47 На русском

«Жокчулуктан мурунку күйөөмө таштагам»: 1,5 жаштагы баланын апасы табылып, окуянын чоо-жайын айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл аймагында көчөдө жалгыз жүргөн 1,5 жаштагы баланы жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине, алар ооруканага өткөрүп беришкен.

Аталган бала Чүй райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүндө болжол менен 10 күндөн бери жатат. Аны ушул күнгө чейин эч ким издеп келген эмес. Оорукананын директору Нурбек Саткыновдун айтымында, баланы аялдамага сары баштыктагы кийимдери менен таштап кетишкен.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 10-декабрында Чүй РИИБге Чүй районундагы аялдамалардын биринен кичинекей бала табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барышкан. Ошондой эле, Чүй РИИБдин өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын жана райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери барып, болжол менен 1,5 жаштагы кичинекей баланы табышкан.

Аталган факты Чүй РИИБге катталып, кийинки күнү милиция кызматкерлери бул окуянын чоо-жайын териштирүүгө чейин деп, баланы райондук аймактык ооруканага жеткиришкен. Чүй РИИБдин өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен болгон иликтөөдө баланын апасы Ысык-Ата районунун 23 жаштагы тургуну К.А. экени аныкталган. Ал милиция кызматкерлерине 29 жаштагы С.Ч. аттуу жигит менен 5 жылдай жарандык никеде жашагандыгын жана алардын ортосунда 3 баласы бар экендигин айткан. Ошондой эле, бул жарандык никедеги күйөөсү менен бир жылдан бери жашабай калгандыгын жана 2017-жылы жокчулуктун айынан баласын күйөөсүнө берүүнү чечкендигин кошумчалаган. Ушул жылдын 10-декабрында күйөөсүнүн үйүнө келип баласын таштап кеткен. Бирок баланын атасы аны тарбиялагасы келген эмес. Баланын атасынын туугандары да анын балдарын кабыл алгысы келген эмес. Ошол эле күнү наристенин чоң апасы аны айылдагы аялдамага таштап, милицияга кабар берген. Бирок өзү таштап кеткенин айткан эмес.

Учурда 1,5 жаштагы бала аймактык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми апасы азырынча эч кандай документ көрсөтө элек, наристени балдар үйүнө өткөрүү маселеси каралып жатат. Топтолгон материалдар жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын комиссиясына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×