Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуПанфилов району 20.12.2018 10:27

Бактияр Ашыкеев Панфилов районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болду

Turmush -  Ашыкеев Бактияр Табылдиевич Панфилов районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган түзүмдөн билдиришти.

Бактияр Ашыкеев И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика жана физика факультетин аяктаган. Бир нече курстардан билимин жогорулаткан.

Эмгек жолу:

- 2018-жылдын 14-декабрына чейин Панфилов районунун билим берүү бөлүмүнүн адиси;
- 2017-2018-жылдары Текеев атындагы орто мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары;
- 2009-2017-жылдары Текеев атындагы орто мектептин директору;
- 2004-2009-жылдары Текеев атындагы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары;
- 2002-2004-жылдары Текеев атындагы орто мектебинин физика, математика сабактары боюнча мугалим.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин грамоталарын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×