Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусуЧүй району 19.12.2018 17:31 На русском

«Ооруканада 10 күндөн бери жатат»: 1,5 жаштагы баланы аялдамага баштыкка салынган кийимдери менен таштап кетишти

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл аймагында көчөдө жалгыз жүргөн 1,5 жаштагы баланы жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине, алар ооруканага өткөрүп беришкен.

Аталган бала Чүй райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүндө 10 күндөн бери жатат. Аны ушул күнгө чейин эч ким издеп келген эмес. Оорукананын директору Нурбек Саткыновдун айтымында, баланы аялдамага сары баштыктагы кийимдери менен таштап кетишкен.

«Аталган бөлүмдө иштегендер баланы жакшы карап жатышат. Бул баланы Бурана айылындагы аялдамага кийимдери менен таштап кетишиптир. Айыл тургундары милиция кызматкерлерин чакырышып, баланы тапшырып беришкен. Алар Чүй райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнө алып келип, тийиштүү документ толтурулган. Он күндөн бери бала ооруканада. Эч ким издеп келген жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.58% (723)
«РСК Банк»
28.15% (387)
«Капитал Банк»
6.76% (93)
...
Всего голосов: 1375
×