Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуАламүдүн району 20.12.2018 08:08 На русском

Айыл турмушу: Кытайда 10 жыл өнөрүн тартуулаган каскадер Ж.Акматова президенттин колунан наам алды (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 46 жаштагы тургуну Жылдыз Акматова президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алды. Ал бала кезинде спорттун дзюдо, каратэ-до, кикбоксинг боюнча машыгып, 19 жашынан ат оюндарына катыша баштаган. Он жыл Кытай циркинде өнөрүн тартуулап келген каскадер айым өзүнүн спорттогу талантын өлкөбүздө да тартуулап келүүдө. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

«Бул жыл мен үчүн абдан унутулгус жыл болду. Анткени "Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти" деген наамын КРдин президенти Сооронбай Жээнбековдун өз колунан алдым. Бул мен үчүн чоӊ сыймык болду. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу келип, бирок үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу бара алган жокмун. Антседа, республикабызда өткөн бардык той-аштарда кыз куумайга, каскадерлук көргөзмөлөргө катыштым. Мен негизи спортко бала кезден эле кызыгып баштагам. Тээ окуучулук кездерде 7-8 жылдай дзюдо, каратэ-до, кикбоксинг боюнча машыгып, бир топ мелдештерге катышкам», - деди ал.

Кытай циркинде 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келген Жылдыз Акматова аталган өлкөнүн бардык жерин кыдырып чыккан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ат оюндарына алгач 19 жашымда аралаштым. Ошол мезгилде Давлета Чокубаева жетектеген "Кырк кыз" деген топ бар болчу. Ошого мүчө болуп киргем. Аталган топто иштеп жүргөндө эӊ алгач Тажикстанга тасмага тартылууга жиберишти. Мени менен чогуу 5 адам барган. Ал жакта бир ай болдук, кайра бул жерге келгенде «Чынгыз хан» тасмасына тартылып баштадык. Ал кезде Үсөн Кудайбергеновдун каскадёрлор тобуна өтүп кеткенбиз. Ошентип Үсөн байкенин колунда 2008-жылга чейин иштеп келдик. 2003-жылы Казакстандын Алмата шаарында "Көчмөн" деген тасмага тартылдык. Мен ал жерде эпизоддо бармын. Андан кийин деле бир топ тасмаларга тартылып жүрдүк.

Ошентип 2007-жылы цирк аркылуу Кытай мамлекетине сапар алдык. Буга чейин эле жолдошум экөөбүз Кытайга барып, цирктеринде иштеп жүрчүбүз. Ал жакта жалаӊ ат оюндарын көрсөтүп жүрдүк. Биз менен чогуу 5 мамлекеттен барган каскадёр, цирк кызматкерлери иштечү. Тактап айтканда, Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандан барышкан», - деди ал.

Жылдыз Акматова 2015-жылы Кытайдан жолдошу каза болуп, оор жоготууга учураганын кошумчалады.

«Ойго келбеген кырсыктан жолдошум 2015-жылы 20-июлда Харбин деген шаарда каза болгон. Оор жоготууга учурап калдым. Ошентип кайра Кыргызстанга келүүгө туура келди. Андан кийин каскадёрлорго кошулуп, 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бардым. Эми азыр «Жоокер» деген жаӊы ат оюндарын көрсөтүү үчүн машыгуудан өтүп жатабыз. Жакында эле Суусамыр өрөөнүнө барып, оюн көрсөтүп келдик», - деди каскадёр айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×