Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуПанфилов району 19.12.2018 09:51

Жаш талант: Алыкулдун айылына, Нестан деген атына сыймыктанып жашаган Н.Жаилованын чыгармачылык башаты (сүрөт)

Turmush -  Көркөм өнөр дүйнөсүнө кадам таштап, чыгармачылыкка жаштайынан умтулган 16 жаштагы Нестан Жаилова Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын тургуну. Сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк менен машыгып, бош убактысын текке кетирбеген элеттик кыз Вознесеновка орто мектебинде 11-класста окуйт. Анын билим алууга, чыгармачылыгынын башаты болгон аракеттерине багытталган ышкыбоздугу менен аймактык кабарчы таанышты.

Балалыгы Москва районундагы Предтеченко айылында өттү. Ал күндөрүн мындайча эскерет: «Негедир кичинемден чоң энем Бурулдун бүткүл кыймыл-аракетин жүрөгүмө туттум. Ал чебер аял эле. Эртеден-кечке курак курап, төшөк тикчү. Андан арткан кездеме кыркындыларын бекитип алып, куурчактарыма көйнөк тикчүмүн. Аны чоң энем деле байкап жүргөн. Бирок, унчукпайт эле. Баса, Саша, Маша деген куурчактарым күндө жаңы көйнөк кийчү. Ката кетирсем да, жарашыксыз болсо да куурчактарым кие берчү “Тилсиз балдарым” жаны деле калчу эмес.

Кийинчирээк, менин кызыгуумду аңдап жүргөн чоң энем жанына олтургузуп алып, кеп-кеңешин берип, чачтарымдан сыласа кадыресе тигүүчүдөй кадаланып калат элем. Анан 6-класска чейин кичи мекенимде окуп, кийин Панфилов районуна көчүп келгенбиз. Ооба, сүрөттү да өз алдымча тарта баштагам. Мультфильмдерди көрүп, андагы окуяларды кыялыма түнөтүп дегендей. Апам Жылдыз мен окуган мектепте мугалим. “Каныңарда бар. Таятаң Асанбек чоң сүрөтчү болгон. Өнөр оошот...” деп калат. Апам менен өзгөчө сыймыктанам. Өткөн жылдарда “Менин сүйүктүү мугалимим” төш белгисин алганда байкем Тынчтык, иним Чыңгыз үчөөбүздүн кубанычыбыз бөтөнчө болгон. Улуулар “бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана бар” дешет го. Мүмкүн... Ошол кут конгон күндөрдү күтө берем», - деди.

Тарткан сүрөттөрү, колго жасалган кол эмгектери «Сары-Өзөн чолпондору фестивалында такай көргөзмөлөргө коюлат. Кээде жеке чыгармачылыгы боюнча көргөзмө уюштурууну да ойлоп кетет. Бирок, али боёсу кана, күүсү толо элек ойлорунан дароо чегинет.

Кыялданганды өтө сүйөт. Кар жааганда бетин тосуп, көктү карап, жаратылышка суктанганын, апасынын сүрөтүн 6 жолу тартса да «мурдум, оозум окшошбоптур» деген сөздөрүнө күлүп жүргөнүн кумарлана айтат.

Нестан: «Ооба, кайра-кайра апамдын сүрөтүн тарта берем. Жактырбайт. Өзүңүз ушундай элесиз деп күлөм. Кечинде үйүбүздө ушундай майрам. Жиним келгенде атайылап көздөрүн, мурдун чоңойтуп, кыйшайтып тартып коём. Эркелейм да. Бетинен өөп жумуштан чарчаган абалын жеңилдетем. Апам тамашалап “жолборстун терисин кийгизем” деп калат. Көрсө, Ш.Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасындагы Нестан Дарежандын атынан атымды Нестан коюшкан тура. Ошого сыймыктанам. Аны өтө жогорку деңгээлде которгон алп акын Алыкул Осмоновдун туулган жеринде жашап жатканыма жетине албай келем», - дейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×