Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусуСокулук району 18.12.2018 15:05 Жаңыланды: 18.12.2018 18:16 На русском

Жолдошунан эрте айрылып, өзүнүн жана таякесинин баласын жалгыз тарбиялаган Назира үйлүү болду (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында үй-жайы жок төрт үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан турак жайдын ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Шопоков шаарынын мэриясынан билдиришти.

«Чет элдик демөөрчүлөрдүн колдоосу жана биздин шаардык кеӊештин депутаттары, мэриянын демилгеси менен үй-жайы жок 4 үй-бүлөгө турак жай курулду», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

3 баласы менен жылуу-жумшак баш калкалоочу жай тапканына сүйүнгөн Назира Суракматова: «Мен 1980-жылы Жыламышта төрөлгөм. Шалтадагы тургунга турмушка чыккам. 3 балам бар. Таякемдин баласы да менин колумда. Томолой жетим. Апам болсо ооруйт. Мындан улам таякемдин баласын өзүмдүн балдарыма кошуп багып келем. Улуу балам 1-топтогу майып. Жолдошум 2013-жылы кырсыктан улам каза болгон. Өзүм ооруканада тазалагыч болуп иштеп, бир күн жумушка чыгып, эки күн үйдө балдардын жанында болом.

Үйдүн шарты жакшы экен. 3 бөлмөлүү, ашкана жана даараткана, жуунучу жайы бар», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×