Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусу, Кант 17.12.2018 12:05 На русском

Кантта Россиянын аба базасынын аскер кызматкеринин жансыз денеси табылды

Turmush -  Кант шаарында Россиянын аба базасынын аскер кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 17-декабрда АКИpress маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, жансыз дене 16-декабрда табылып, өлүкканага жеткирилген.

Россиялык ЖМКлар билдиришкендей, Энгельстен Кантка келишим түрүндө иштөөгө келген аскер кызматкеринин аты-жөнү — Владимир Щебланов. Ал 15-декабрдан тарта, тактап айтканда кызматка чыкпай калгандан баштап изделип баштаган.

Saratovnews басылмасынын маалыматына караганда, Щеблановдун өлүмүнүн себеби дүйшөмбү күнү айтылат. Андан соң анын сөөгү Россиянын Саратов облусунун Энгельс шаарына аскердик учак менен жеткирилиши керек.

Владимир Щебланов согуштук аракеттердин мүчөсү болгон, ИИМдин Энгельстеги башкармалыгында кызмат кылган. Бир нече сыйлыктары бар. Акыркы жылдары Кант шаарындагы Россиянын аба базасында иштеп жаткан. Эмгек өргүүсүн Энгельсте өткөрчү. Кийинки жылдын сентябрь айында пенсияга чыгууну пландап жаткан. Владимирдин артында аялы жана 6 жаштагы уулу калды. Январда маркум 40 жашка толмок.

Ал эми аталган базадан аскер кызматкеринин өлүмү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.

Кийинчерээк маалым болгондой, өлүмдүн болжолдуу себеби — этил спиртине уулануу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×