Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусуКемин району 15.12.2018 17:45

Кеминде 100 балага акимдин жаңы жылдык балатысы өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  2018-жылдын 14-декабрында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында өткөрүлүп жаткан «Биз биргебиз» аттуу бир айлыктын алкагында Чүй облусунун Кемин районундагы 100 балага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын жаңы жылдык балатысы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп, жаңы жылдык балатыда Кемин райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери кызыктуу оюн көрсөттү. Аким Жумгалбек Дүйшебаев, Кемин районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Таджибаева куттуктоо сөз сүйлөп, бөбөктөргө өз каалоолорун билдиришти. Ошондой эле, иш-чарага катышкан бөбөктөргө таттуу белектер тапшырылып, сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×