Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуЧүй району 15.12.2018 09:54

Үйлөнгөндөн кийин курама командадан чыгарылып... Кыргызстандын 17 жолку чемпиону — жөө жүлүк Бердигул

Turmush -  Алыскы аралыкка чуркоо боюнча Кыргызстандын 17 жолку чемпиону Айтпай уулу Бердигул Өзбекстандагы эл аралык кубокто 10 км аралыкка чуркап, 1-орунду эч кимге берген жок. Ал 1989-жылы 6-декабрда Талас облусунун Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул жыл мен үчүн жакшы жылдардан болду. 2016-жылы мени "үй-бүлө куруп алды, болду бул чуркабайт" деп Кыргызстандын курама командасынан чыгарып салышкан. Бирок мен ага карабай мелдештерге чыгып, алдыңкы орундарды бербей келдим. Ошентип 2018-жылы кайра курама командага кошулдум. Ушул жылы 3-ноябрда кыздуу болдум.

Быйыл өзүӊөр билгендей, көп мелдештер өткөрүлдү. Ошондо алыскы аралыкка чуркоодо Кыргызстандын чемпиону болуп, 12 км аралыкты 38 мүнөт, 10 секундда басып келдим. 13-майда Ысык-Көлдө өткөн Сатымкул Жуманазаров атындагы VII эл аралык марафондо 21 км 97 метрге чуркап, 1-орунду багындырдым. 9-июнда Өзбекстандагы эл аралык кубокто 10 км аралыкка чуркап, 1-орунду берген жокмун. 16-17-июнда олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын эл аралык мелдешинде 5 км аралыкка чуркап, 2-орунду алдым», - деди ал.

Айтпай уулу Бердигул үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.

«Улуу кызым 2 жашка чыкты. Буюрса ал кызымдан үмүтүм чоӊ. Кечинде жумуштан келсем "үйдөн чуркайбыз" дей берет. Ошентип ал экөөбүз күндө 10-15 мүнөт бөлмөдөгү столду айланып чуркайбыз. Отуруп калсам ыйлайт, чыдамкай, өжөр. А, негизи өзүмдүн бир күнкү машыгуум эртеӊ менен саат 06:00дө башталат. 3-6 чакырымга чуркайм. Андан соң буттарымды жакшылап чоюп, 100 метрге катуу ылдамдыкта чуркагандан кийин тамак ичип эс алам. Кечинде машыгуу оорлойт. Алгач 3 чакырымга чуркайм. Андан кийин 1 чакырымга тез жана жай чуркайм. Бирок машыгуум окшош болбойт. Чакырымдар алмашып турат», - деди ал.

Спортчу буга чейин 2014-2015-жылдары Казакстанда өткөн эл аралык мелдештерден күмүш медаль алып, 2015-жылы Кытайдын Гуйян шаарында өткөн дүйнө биринчилигине катышкан. 2016-жылы Өзбекстанда өткөн турнирде коло байгеге ээ болуп, Сокулук районундагы республикалык мелдеште 100 баланын ичинен 1-орунду багындырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×