Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусу, Кара-Балта 13.12.2018 18:34 На русском

Сүрөт — Кара-Балтада уурдалган 35 жаштагы эркек кишинин желкесине ийне сайып, бетин кесип кетишти

Turmush -  Жайыл райондук аймактык ооруканада 1983-жылы туулган Искендер Мамыркулов дарыланып жатат. Ал бул жерге 10-декабрда башынан жаракат алып, колдору жана бети кесилген абалда келип түшкөн. Анын айтымында, ага акыркы жарым жылдан бери белгисиз адамдар тарабынан экинчи жолу кол салынган.

«Дүйшөмбү күнү кечинде үйдөн чыгып, аялдамага жөнөдүм. Бирок эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам белгисиз адамдар мени унаадан чыгарып жатышыптыр. Жалпы 3 киши болчу. Алардын экөө жүздөрүн көрсөтпөөгө аракет кылып жатышты. Булардын баары азиат түспөлүндөгү адамдар эле. Бирөө орус тилинде сүйлөп, калган эки адам жаман сөздөр менен казак тилинде урушуп жатышты. Бирөөсү көчөдө туруп, мени салондон тартып жатты. Мен бул көрүнүштү түшүнгөн жокмун. Баары тумандай болуп жатты. Алар мындай аракет менен бир нерселерге кийгилигишпе дегендей эскиртүү беришти. Эгер токтотпосом, менин жашаган жеримди жана уулумдун окуган жерин билишерин айтышты», - деди жабырлануучу.

e425b9a2fcd3c0beb31faca723e03ab0_0_500_0

Искендер Мамыркуловду аталган белгисиз адамдар ыйлаган абалга чейин жеткиришкен. Мындан улам жабырлануучу аларга эч ким менен конфликтке барбай турганын айткан.

«Бул окуя Кара-Балта шаарындагы Унаа оңдоочу заводдун аймагында болду. Унаадан алып чыгышкандан кийин ичке урушту. Андан соң, желкеме ийне сайылгандыгын сездим. Карасам эле алардын бирөөсү ийнени чөнтөгүнө катып жатыптыр. Ал «Бүттү, бул даяр» деп айтып, ары басып кетти. Андан кийин башкасы келип, мени сымбаттуу кыларын айтып, башка черткиледи. Биринчи жолу эскерткенде түшүнбөй койгонумду дагы айтты. Ал кесем деп оозуман тилимди күч менен сууруп чыгууга аракет кылды. Андан кийим колумду кесишти. Алар мени жерге таштап, унаага отуруп кетип калышты. Унааны жаттам калдым, ак түстөгү «Тойота Виндом» болчу. Бир аз отургандан кийин үй тарапка бастым. Жакындарым менен жолугуп, 5-6 саат жок болгонумду билдим. Бирок мага 20 мүнөттөй эле сезилген», - деди Искендер.

Ал ооруканага кайрылган күнү эле өзүнө кандай дары сайылганын билүү үчүн анализ тапшырган. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Жабырлануучунун айтымында, жакында эле сотко кайрылган. Ал «Жундадан» мыйзамсыз жумуштан бошотулгам деп эсептейт.

«Жайы бою кыргыздар иштеген нефтезаводдо эмгек акы боюнча маселе көтөргөм. Мен Жогорку Кеңешке кайрылып, өндүрүштөгү зыяндуулук үчүн компенсация төлөнбөй жатканын билдиргем. Завод КРдин өкмөтүнүн, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн токтомун аткарбай жатканда президентке кайрылгам. Ошондой кийин мени өзүнүн милдеттерин аткарган эмес деп Эмгек кодексинин 183-беренеси боюнча жумуштан бошотушту. Андан кийин мен аларды сотко берип, кайра кызматыма келгем. Жайында да мени ур-токмокко алышкан, бирок эч кимге доом жок деп арыз жазып бергем. Бир нече саат сабашкандан кийин тез жардам кызматынын алдына таштап кетишкен болчу», - деди ал.

Искендердин айтымында, акыркы учурларда заводдун жумушчуларына компенсация төлөнүп баштаган, бирок анын максаты жумушуна кайтып баруу болгон.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 12-декабрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Жайыл РИИБге жергиликтүү аймактык ооруканадан Кара-Балта шаарынын 35 жаштагы М.И. аттуу жашоочусу жүзүндө, эки колунда көптөгөн кесилген жаракаттары жана башында тактары менен жаткырылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барышкан. Жабырлануучунун сөзү боюнча, 10-декабрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында үйдөн чыккан. Ага 30-35 жаштардагы белгисиз үч адам келишип, күч колдонуу менен ак түстөгү «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү автоунаага отургузушуп, белгисиз жакка алып барышып, колдорун байлашып, курч буюм менен жаракаттарды келтиришкен. Ошондой эле моюн тарапка белгисиз ийне сайышкан. Андан соң Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бирине таштап кетишкен.

Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Бул окуяга чет өлкөлүк жарандардын тиешеси бар деп алдын ала айтууга болбойт. Ошол себептүү, кылмыштын ким тарабынан жасалгандыгы тергөөнүн жүрүшүндө гана аныктала тургандыгын белгилейбиз. Азыркы учурда Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.58% (723)
«РСК Банк»
28.15% (387)
«Капитал Банк»
6.76% (93)
...
Всего голосов: 1375
×