Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуМосква району 13.12.2018 08:05

«Тагдыр»: Жалгыздыктан бүткөн жан шериги ыр болгон 59 жаштагы Р.Молдобаеванын турмуш түрмөгү

Turmush -  «Менин атым Алина,
Эжеси анын Жамийла.
Досум ойлон батыраак,
Жамийла мага ким анда...» деген ыр саптарын жаратып, жүрөгүнө көркөм сөздү уялаткан Раувшан Молдобаева Москва районундагы Беловодск айылынын 59 жаштагы тургуну. Батирде жалгыз жашап, эрмеги гезит-журнал, поэзия дүйнөсү болгон турмушу, чыгармачылыгы менен аймактык кабарчы таанышты.

Чакан «Бүчүр» аттуу китепче кылып чыгарган чыгармаларын кайра-кайра окуп, өзүнө-өзү куштарланып, кээде турмуш көйгөйүн көкүрөгүнө катып, тартынып, айбыгып жашап келет. Көпчүлүккө аралашкысы келип, жалгыздыктын жашоо кемесинде жадап да, тажап да кеткенинин сыр түйүндөрүн чечмелейт.

«Жайырма жылдан бери райондун борборундагы мектептердин биринде пол жуугуч (бизди айылдагылар “Пол жуугуч” дешет) болуп иштеп келем. Күндүз көпчүлүк менен аралашканда күндөрүм көңүлдүү өтөт. Анан үйгө кайтканда жалгыздык башка түшөт. Жалгыз отургуч, жалгыз мен, жалгыз чыны... Баары жалгыз. Отурам, ойлоном, толгоном. Ак баракка чиймелеп ыр жазам. Кайра сызып, баракты айрып, жалгыз керебетимдин алдына ыргытып жиберем. Кайрадан актай баракка үңүлөм. Анан мындай саптар көңүлүмө төп келет.

Кызыл күйсө токтоп кал,
Сары күйдү даярдан.
Эми өткүн жашылда,
Жолду кара шашылба.

Атам берген оюнчук,
Сынып калса ыйладым.
Такыр сынбас оюнчук,
Сатып бер деп кыйнадым.

Мындай ырларым көп. Менимче, мектепте жүргөндө балдардын баёо сезимдери жүрөгүмө сиңет окшойт. Үйгө келгенде ошолордун үндөрү, сөздөрү, күлгөнү кулагыма жаңыра берет. Карап отуруп, бала болуп, кошо чуркап да кетким келет. Көрсө, бул сезим балалыкты сагынуу окшойт», - деди ал.

Балдарга арнап ыр жазып, өмүр жолундагы өксүгүн кубаныч күнгө бөлөгөн Раувшан Молдобаева 2 уулдун апасы, 5 неберенин чоң энеси. Кезегинде медициналык окуу жайды бүтүрүп, Тажикстанга келин болуп, жашоосу кайчылаш жолго кабылган. Анын баарын төгүлүп, чачылып айта бербейт. МүнөзҮ ачык болгону менен сырдуу жашайт, эмнегедир жалгыздыкты сүйөт. Жарты кайыктай калагы жок көлдө сүзөт. Сөзгө тартсаң, ырын сунат. Окуп ыраазы болосуң. Тамашалап, штаттан тышкаркы балдар акыны деген сөздөр айтыла жүрөт.
Ал мындай дейт:

«Жерди баксаң,
Ал сени багат.
Кампаңды данга,
Толтуруп салат!

Уй атасы — Зеңги баба,
Жылкы атасы — Камбар ата,
Кой атасы — Чолпон ата,
Эчки атасы — Чычаң ата,
Байкагыла, барбы ката».

Р. Молдобаева: «Мен атайын болсо да, болбосо да ыр жазайын деп жанымды кыйнабайм деле. Өзү көңүлгө уюп калат, көкүрөккө толуп турат. Ошолорду чиймелейм. Сызам, жазам, оңдойм. Бул менин жашымдан бүткөн адатым. Эсимде, жаш кезимде чоң атам Абдрашит өзүнө жакын отургузуп алып, китеп-гезиттерди окутчу эле. Шатырата окуп берчүмүн. Ыр жазсам, райондук гезитке тез-тез жарыяланчу. Бир жолу гонорарга почточу 100 рубль атама берсе, баарына калем, дептер сатып келиптир, жарыктык. Азыр ойлосом өз мээнетин өзү көрсүн деген окшойт. Ырларым көп. Китеп кылып чыгарууга каражатым жок. Балдарым өз турмушу менен. Катташып турушат. Эрмегим ээн бөлмөдө ыр жазам, сызам кайра тытам», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×