Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Чүй облусуМосква району 18.12.2018 23:02 На русском

«Тагдыр»: 2 жашында чымын чычкан кулагын курт жеп, укпай калган А.Нарынбаеванын жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айыл өкмөтүнүн 44 жаштагы тургуну Асел Нарынбаева 2 жашында кулагына чымын чычып кетип, анын кесепетинен укпай калган. Ал 1975-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн.

«Мен анда 2 жашта экенмин. Кулагыма чымын чычып, аны эч ким байкабаптыр. Дарыгерлердин айтымында, кулагымдын уга турган каналдарын курт жеп салган экен. Ал курттар бир топ күндөн кийин алыныптыр. Ошентип чала-була угуп жүрүп, кийин такыр укпай калдым. 28 жашымда курт жеген кулагымдан операция болдум. Азыр атайын угуучу аппарат менен угам.

Кулагымдын укпаганы аз келгенсип, жолдошум жашаганыбызга бир аз гана жыл болгондон кийин оорудан улам каза болуп калды. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Балдарым жок. Ошол бойдон турмушка чыккан жокмун. Жалгыз калдым. 44 жаштамын, минтип 3-топтогу майып болуп калдым», - деди ал.

Асел Нарынбаева 16 жылдан бери Беловодск айылындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багып, иштеп келет.

«1992-жылы Кочкор районундагы мектепти бүткөм. Москва районуна 1993-жылы келген болчумун. Ошондон бери аталган райондо жашайм. Жер алуу үчүн айыл өкмөткө тизмеге кирип, бирок ушул күнгө чейин ала албай келем. Учурда Беловодск айыл аймагындагы майып балдар үйүндө бала багуучу болуп эмгектенем. Иштегениме 16 жыл болду. Төшөктөн тура албаган 12 баланы карайм. Жумуш өтө эле оор. Бул жумушка оӊой менен киши келбейт. Айлык акыбыз аз. Жер алып, үй салганга жарабайт. Биздей адамдарга өкмөт көӊүл буруп, турак үй жактан жардам берсе жакшы болот эле. Учурда ижарага 3 миӊ сом төлөп, батирде күн кечирип келем.

Жумуштан дайыма шайыр жүрөм. Чогуу иштеген кыздарга куудулданып, аларды күлдүрүп турам. Биз баккан кээ бир балдардын ата-энеси бар. Алар келип турушат. Жалпы 80дей бала төшөктөн тура албайт. Аларды баккан эмгек жамаатыбызга ырахмат. Өз балдарындай карашат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.27% (750)
«РСК Банк»
27.84% (392)
«Капитал Банк»
6.61% (93)
...
Всего голосов: 1408
×